Акыркы макалалар

«Акылдуу шаар» долбоорун «Huawei» компаниясы ишке ашырмай болду

«Акылдуу шаар» долбоорун «Huawei» компаниясы ишке ашырмай болду

Бүгүн, 11-январда Бишкекте «Акылдуу шаар» долбоорун ишке ашыруу боюнча кытайлык «Huawei» компаниясы менен инвестициялык келишимге кол коюлду. Иш-чарада айтылган боюнча, инвестициялык келишимдин көлөмү 60 млн долларды түзөт.

Келишимге ылайык, долбоорду ишке ашыруу 2018-жылдын ноябрь айында башталат. Анын алкагында кытайлык компания Бишкек, Ош жана Чолпон-Ата шаарларына видеокөзөмөл жабдууларын орнотот. Камералар күнү-түнү жол кыймылынын эрежесин бузган унааларды фото жана видеого тартып, каттоого алат.

Премьер-министр Сапар Исаков “Акылдуу шаар” долбоору учурда эн маанилүү экенин, ал ишке ашса жарандардын коопсуздугун камсыздоого жакшы шарттар түзүлөөрүн билдирди.

Эске салсак, «Акылдуу шаар» долбоору өкмөт ишке ашырып жаткан «Таза коом» программасынын бир кадамы катары саналат.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...