Акыркы макалалар

Депутат ичимдиктерди Кыргызстандын улуу инсандарынын аты менен атабоону талап кылууда

Депутат ичимдиктерди Кыргызстандын улуу инсандарынын аты менен атабоону талап кылууда

Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев Кыргызстандын улуу инсандарынын аты менен жана “Манас, “Семетей”, “Сейтек” үчилтигинин каармандарынын ысымы менен алколголдук ичимдиктерди атабоону талап кылууда. Бул тууралуу эл өкүлү ЖК жыйынынын жүрүшүндө билдирди.

Өз кезегинде экономика министринин орун басары Эльдар Абакиров президенттин аппаратында бул маселени карай турган комиссия түзүлгөндүгүн билдирди.

Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Алишер Мамбеткулов билдиргендей, көптөгөн аталыштар бренд болуп калган, ага байланыштуу мыйзам боюнча тыюу салына турган болсо компенсация төлөөгө туура келет.

“Себеби дегенде Кыргызстанда бир брендди 10 жыл колдонууга болот. Андан тышкары, “Кыргызстан” жана “Манас” коньяктары 1974-жылдан бери бар. Ошого байланыштуу мындай жагдай пайда болду”,-деп түшүндүрдү ал.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...