Акыркы макалалар

Ымыркайга сүйүнчү пул качан жана кантип берилет? Министрлик жол-жобосун айтты

Ымыркайга сүйүнчү пул качан жана кантип берилет? Министрлик жол-жобосун айтты

Социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына ылайык учурда көмөк каражатты эч ким ала элек

Сүйүнчү пул бала төрөлөөрү менен берилбейт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат катчысы Кымбат Кадыралиева билдирди.

Эске салсак, 2018-жылдын 1-январынан тарта "Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө" мыйзамдын "балага сүйүнчү" пункту ишке кирген. Анда ушул жылдын январь айынан баштап төрөлгөн бардык ымыркайга 4000 сом өлчөмүндө акча берилиши керек болчу.

Бирок Социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына ылайык, учурда көмөк каражатты эч ким ала элек.

"Сүйүнчү акча бала төрөлөөрү же документтерди тапшыраары менен дароо берилбейт. Ымыркай жарык дүйнөгө келген соң ата-энеси анын туулгандыгы тууралуу документин алып, ага кошуп тийиштүү документтерин жергиликтүү социалдык башкармалыкка тапшырат. Андан соң аталган башкармалык 10 жумуш күндүн ичинде документтерди бирдиктүү маалымат базасынан карап чыгып, тийиштүү каражатты чектейт. Жергиликтүү социалдык башкармалыкта накталай акча жок болгондуктан сүйүнчү пулга каражатты Финансы министрлиги почта аркылуу которот. Мындан улам январь айында документ тапшырган ата-энелердин акчасы февралда чыгып калат", — деди Кадыралиева.

Ал ошондой эле тийиштүү документтердин баарын жөнөткөн ата-энеге эң кеч дегенде бир айдын ичинде сөзсүз сүйүнчү пул чыгарын кошумчалады.

"Сүйүнчү пулду ата-эне бир жыл ичинде алса болот. Башкача айтканда кандайдыр бир шарттан улам документин дароо тапшыра албагандар бала бир жашка чыкканга чейин аталган сумманы ала алат. Ар бир ымыркайга 4000 сом каралган. Эгер тоолуу аймак болсо андан көп алат. Ошондой эле эгер үч эм же эгиз балдар төрөлсө алардын ар бирине өзүнчө акча чыгат" — деди маалымат катчы.

Сүйүнчү пул алуу үчүн керектүү документтер:

— Ата-энесинин паспорту (ажырашкан болсо баланы ким багып жатса ошонун паспорту талап кылынат);

— Баланын күбөлүгү;

— Жашаган жеринен справка;

— Эгер бала багып алынган болсо мыйзамдуу түрдө багып алууга уруксат берген соттун чечими керек.

"Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө" мыйзамдын "балага жөлөк" жана "үй-бүлөгө көмөк" пунктулары учурда Жогорку Кеңеш менен Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан кайра каралууда. Себеби аталган эки бөлүккө Нарын шаарынын айрым тургундары каршы чыгып, ачкачылык жарыялашкан. Аталган мыйзамды эл өкүлдөрү Аида Касымалиева менен Карамат Орозова демилгелеген.

Түп нускага шилтеме : sputnik.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...