Акыркы макалалар

Кыргызстанда сом менен катар эле биткоин да колдонула баштады

Кыргызстанда сом менен катар эле биткоин да колдонула баштады

Кыргызстанда улуттук сом менен кошумча эле криптовалюталарды колдонуу жайыла баштады. Бул тууралуу эксперт Нурадил Райымбетов “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Ошол эле учурда, айрым ишкерлер аны инвестиция катары сактоо максатында пайдаланып жатышат.

Ишкерлердин айтымында, Кыргызстандын Улуттук банкы криптовалюта, майнинг, блокчейн технологиялары жөнүндө маалымат берип, аны колдонууга тыюу салбаш керек.

Ошондой эле, технологиянын өнүгүшү үчүн мыйзамдарга өзгөртүү киргизилиши зарыл. Аны колдонууга өлкөдө тийиштүү инфратүзүм да бар.

Учурда криптовалюта боюнча иш алып барган ишкерлер сунушатарын иштеп жатышат, жакынкы убакытта Улуттук банкка жиберишет.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...