Акыркы макалалар

Энергетика: натыйжа бербеген насыялар

Энергетика: натыйжа бербеген насыялар

Энергетика тармагына миллиарддаган сом насыя жана гранттык акча жумшалып, бирок алар натыйжалуу колдонулбай калганы боюнча парламентте маселе көтөрүлдү.

Ошондуктан айрым депутаттар бюджеттен жана чет элдик насыянын эсебинен тармакка бөлүнгөн каражаттардын колдонулушун текшерип чыгууну сунуш кылышты. Бул тууралуу электр энергиясын өндүрүүчү жана ташып жеткирүүчү эки компаниянын 101 миллиард сомдон ашуун насыясын бюджетке кайтаруу мөөнөтүн узартуу боюнча өкмөттүн буйругун бекитүү учурунда айтылды.

Жаңы карыз үчүн эски карызды төлөөнү узартуу

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Уланбек Рыскулов парламентте баяндама жасады. Ал "Электр станциялары" жана "Кыргызстандын электр тармагы" компанияларынын 101,2 миллиард сом өлчөмүндө бюджеттик карызын төлөө мөөнөтүн узартууга уруксат берүүнү өтүндү. Уланбек Рыскулов мындай кадам тармактын жабдууларын жаңылоого жаңы насыяларды алуунун шарты экендигин түшүндүрдү.

- Бул карыз 2017-18-жылдары төлөнүшү керек болчу. Эми аны төлөө мөөнөтүн 2038-40-жылдарга чейин узартып берүүнү суранып жатабыз. Анткени Токтогул ГЭСинин 3-фазасын жана Камбар-Ата ГЭСинин 2-гидроагрегатын коюшубуз зарыл. Анан дагы жогорку чыңалуудагы электр берүү тармагынын объектилерин оңдоону каржылаш үчүн ошол карыздын оорчулугун жеңилдетип бериш керек болуп жатат.

Өкмөттүн бул сунушун парламенттин көпчүлүк депутаттары колдогону менен айрымдары буга чейинки алынган насыялар кайда жумшалганын билгиси келди. КСДП фракциясынын депутаты Айнуру Алтыбаева энергетикага жумшалган насыя 1 миллиард доллардан ашканын айтып, анын натыйжалуу колдонулушун изилдеп чыгууну сунуш кылды.

Ал эми "Кыргызстан" фракциясынын депутаты Алмазбек Токторов энергокомпаниялар эмне себептен акчаны өз убагында төлөй албай жатышканына кызыкты.

- Сиздер эми карыздарды төлөөнү жылда эле артка жылдырып берүүнүн сурайсыздар. Анын себебин элге түшүндүрүп берип койсоңуздар. Эмне себептен жылда бюджеттен тармакты каржылоо болот дагы, анан ал мурда алынган карыздарды төлөө мөөнөтү жылып кетип жатат? Эмне себептен энергетикалык компаниялар аны төлөй албайт?

Улуттук энергохолдингдин башкармалыгынын төрагасы Айбек Калиев электр энергиясын өндүрүүчү, ташып жеткирүүчү жана таратуучу компаниялардын кирешесине караганда чыгашасы көп болуп жатканын айтып, анын себебин тарифтин төмөндүгү менен түшүндүрдү. Айбек Калиев ошондуктан алынган карыздарды төлөө оор болуп жатканын белгиледи:

- Биз тарифтерди кайра карап чыгышыбыз керек. Бизде тарифтер өзгөрбөгөн үчүн кирешеде дагы өзгөрүү жок. Ал эми алган карыздардын эсебинен чыгашабыз көбөйүп жатат. Кийин тариф саясаты өзгөрсө, ошонун негизинде карыздарды төлөөгө мүмкүнчүлүк болот. Азыр КМШ алкагында электр энергиясынын баасы Кыргызстанда эң арзан.

Ортомчулардын "бизнеси"

Анткен менен "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаты Алтынбек Жунус уулу мамлекеттик компаниялар зыянга учурап жатса, электр энергиясын коммерциялык баада саткан жеке менчик ортомчулар кирешеге туйтунуп жатканын мисал келтирди. Депутат бул жагдайдын себебин билүүгө кызыкты.

- Сиздер "электр энергиясынын баасы арзан" деген бир эле себепти айтып жатасыздар. Бирок ошол эле учурда электр энергиясын ири кардарларга коммерциялык баа менен сатып жатышкан жеке менчик компаниялар киреше менен чыгып жатышат. Тескерисинче, алар өнүгүүдө. Өткөндө "Чыгыш электр" ишканасынын жана дагы башка мамлекеттик компаниялардын жетекчилери "Макмал", "Кумтөр", "Кыргыз деңизи" сыяктуу ири кардарларды жеке менчик ортомчу компаниялар тейлейт" деп ыйлап жатышат. Мамлекеттик энергокомпанияларда калкты тейлөө гана калтырылган. Анан кантип өнүгүү болот? "Кумтөр", "Казакмыс" сыяктуу ири кардарларга электр энергиясын силер өзүңөр эле беш сомдон сатпайсыңарбы? Мына ошондо чыгаша боло бербей, кирешеңер көбөйө баштамак.

Улуттук энергохолдингдин башкармалыгынын төрагасы Айбек Калиев учурда жеке менчик компаниялардан ири кардарларды алууга аракет бар экенин айтуу менен чектелди. Электр энергиясын арзан баада сатып алып, аларды кайра кымбат баада сатуу менен алектенген ортомчу компаниялар мурдагы президенттер Акаев менен Бакиевдин үй-бүлө мүчөлөрүнө таандык экени айтылып келген. Бирок 2010-жылдагы үй-бүлөлүк бийлик режими кулап, элдик бийлик келгенден бери бул тармактагы табышмактуу киреше эми кимдин энчисинде калганы ушул күнгө чейин белгисиз.

КСДП фракциясынын депутаты Мурадыл Мадеминов энергетика тармагы "Ширшовдун схемаларынан" арыла албай жатканын айтты:

- Айбек Рысбекович, өзүңүз жакшы билесиз, жанагы Ширшов, Елисеев дегендердин калдыктары азыркы күндө дагы энергосектордо калып жатат. Ошолорду жоюу боюнча кандай иш-чараларды аткардыңар? Биз ошону парламентте толук талкуулап, элге жеткиришибиз керек. Бул тармак кирешелүү, бюджетти түзө турган тармак болушу керек эле. Анан 101 миллиард сом карыз менен чыгып жатканыңар уят, урматтуу энергетиктер.

Коррупцияга каршы ишкердик кеңеш 2010-жылдан 2012-жылга чейин энергетика тармагындагы коррупциялык тобокелчиликтерди изилдеп, талдап чыккан. Бул коомдук уюмдун баш катчысы Нурипа Муканова тармакта эчактан бери калыптанып калган коррупциялык схемалар азыркы учурда деле кеңири жайылып жатканын белгиледи:

- Мындан беш жыл мурун эле биздин энергетиктер жогорку чыңалуудагы электр берүү зымдарын оңдоп-түзөп, жаңы жабдууларды сатып алып, турбиналарды алмаштыруу менен алек болуп жүрүшкөн. Алар жаңы насыяларды алып, улам жаңы жабдууларды сатып алып, иштеп жаткандарын чыгыштап, ошого үйрөнүп калышкан. Мурда жасалган эле жумуштарды кайра баштап, анан анын негизинде акчаны пайдаланып келе жатышат. 2010-жылы эл аралык аудит энергосектордогу коррупциялык жолдор менен төрт миллиард долларга жакын акча айлана турганын аныктап чыккан. Бул ошол алынган насыялардын эсебинен алынып, сыртка чыгарылып кетет да. Анан аны биздин элибиз, биздин бала-чака, неберелер кийин төлөйт.

Парламент "Электр станциялары" жана "Кыргызстандын электр тармагы" компанияларынын 101,2 миллиард сом бюджеттик карызын төлөө мөөнөтүн кийинкиге жылдырууну караган токтомду көпчүлүк добуш менен колдоду. Бирок энергетикадагы коррупция боюнча маселени "өкмөттүк саатта" карап чыгуу боюнча сунуш түштү.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...