Акыркы макалалар

Бүгүн Манас үчилтигинин тагдыры чечилет

Бүгүн Манас үчилтигинин тагдыры чечилет

Бакыда өтүп жаткан жыйында шайлоо болот. Өтүп кете турган болсо, "Манас" үчилтиги ЮНЕСКОнун Маданий мурастарынын тизмесине Кыргыз Республикасынын атынан катталат.

Бүгүн Азербайжандын Бакы шаарында өтүп жаткан эл аралык 8-жыйында "Манас" үчилтигин ЮНЕСКОнун Материалдык эмес маданий мурастар тизмесине киргизүү боюнча добуш берилет. Бул тууралуу парламенттин бүгүнкү жыйынында төрага Асылбек Жээнбеков билдирди. Ал кыргызстандык делегациянын ишине ийгилик каалап, оң чечим кабыл алынаарына терең ишенээрин айтты.

Кыргызстандык делегацияны Жогорку Кеңештин депутаты, ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары Карганбек Самаков баштап барган. Курамында, 7 манасчыдан турган топ, Манас таануучулар, эксперттер, сүрөтчүлөр бар.

ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарды сактоо боюнча өкмөт аралык комитетинин 8-жыйыны 2-декабрда башталган. Комитет бул жолку отурумунда материалдык эмес маданий мурастардын тизмесине 46 талапкерди кароого алмакчы. 8-отурумга өкмөт аралык комитетке мүчө 24 өлкөдөн сырткары, 156 мамлекеттен өкүлдөр катышууда. Бүгүнкү күндө ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине дүйнөдөгү 257 элемент алынган. Өткөн жылы кыргыздын ала кийизи менен шырдагы бул тизмени толуктаган.

Бул материалды кененирээк аудио форматында http://www.maralfm.kg сайтынан уга аласыздар

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...