Акыркы макалалар

Январда жугуштуу сасык тумоо оорусунун күчөшү күтүлөт

Январда жугуштуу сасык тумоо оорусунун күчөшү күтүлөт

Январь айында жугуштуу сасык тумоо жана дем алуу органдарынын курч кармаган вирустук оорусунун күчөшү күтүлөт. Бул тууралуу 5-январда Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин маалыматы боюнча, 2017-жылдын октябрь айынан тартып, дем алуу органдарынын курч кармаган вирустук оорусунун акырындап жайылышы байкалган. Бирок жаңы жыл алдында бул ооруга чалдыккандардын саны 23,3% азая түшкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирген. Ал эми өткөн жылдын октябрь айынан бери сасык тумоо жуккан 37 учуру катталган.

Алдын ала эпидемиологиялык маалымат боюнча, январь айында жылдагыдай эле жугуштуу сасык тумоо жана дем алуу органдарынын курч кармаган вирустук оорусунун күчөшү күтүлөт. Ал эми адистер азыркы учурда республикадагы эпидемиологиялык кырдаал туруктуу экенин айтууда.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...