Акыркы макалалар

“Фулл Голд Майнинг” 400 жумушчуну эмгек келишимин токтотту

“Фулл Голд Майнинг” 400 жумушчуну эмгек келишимин токтотту

Фотосүрөттө Иштемберди кенинен чыккан тоо кен заттары

Иштамберди алтын кенин иштеткен “Фулл Голд Майнинг” компаниясы 400 жумушчуну иштен бошотту. Буга эмгек келишимдердин мөөнөтү бүткөндүгү негиз болгон. Бул тууралуу Кыргызстандын тоо-металлургдар профсоюзунун төрагасы Эльдар Таджибаева бүгүн, 5-январда билдирүү таратты.

Анда компания эмгек келишимин узартууну карабаганы, мындан мурдараак кызматкерлер менен негизсиз түрдө мөөнөттүү келишим түзгөнү айтылат. Бул КР Эмгек кодексинин 55-беренесине каршы келет, анткени ал беренеде туруктуу мүнөздөгү иштерде иштеген жумушчулар менен мындай келишимдерди түзүүгө тыюу салынган.

Кыргызстандын тоо-металлургдар профсоюзунун Жалал-Абад облусу боюнча өкүлү Абдыжалил Ташматов мурда билдиргендей,“Фулл Гол Майнинг” жумушчуларга айлык акынын үчтөн бирин кыскартуу шарты менен эмгек келишимдерин кайра түзүүнү сунуштаган. Бирок жумушчулар айлык акынын төмөндөшүнө каршы болушкан.

Андыктан тоо-металлургдар профсоюзу КР Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине жана Экотехинспекцияга бул маселеге кийлигишүү өтүнүчү менен кайрылган. Ал эми мамлекеттик комитеттин төрагасы Уланбек Рыскулов кытайлык компания менен профсоюздун жетекчилерин жолугушууга чакырган.

Эске сала кетсек, Иштемберди алтын кен ишканасы 2015-жылы ишке кирген мезгилде катардагы жумушчулар 20 миң сомго чейин, ал эми жер алдындагы казуу иштеринде кызмат кылган жумушчулар 100 миң сомго чейин айлык акы алаары айтылган.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...