Акыркы макалалар

Тоо-кен өндүрүшүнө жаңы технологиялар керек

Тоо-кен өндүрүшүнө жаңы технологиялар керек

Кыргызстан тоо-кен запастарын жер астынан казып чыгып, кайра иштетүүдө заманбап технологияга муктаж.

Руда эмес кен байлыктарын өздөштүрүүдө жаратылыш таштарынын көпчүлүк бөлүгү калдыкка чыгып кетип жатат. Аны иштетсе экономикага бир топ киреше түшөт. Анткени, бүгүнкү күндө таштар алтындан да баалуу турат. Мындай маалымат бүгүн Кыргыз Республикасынын Соода, Өнөр жай палатасында тоо-кен өнөр жайы тууралуу болгон тегерек столдо белгилүү болду. Ош технология университетинин Технопаркынын директору Нурланбек Калдыбаевдин айтымында, чоң көлөмдөгү таштардын калдыктарын кайра иштетүүчү станок иштеп чыгышкан. Ал эми майда күкүмдөрүнөн кирпичтерди жасашкан.

Техникалык илимдердин доктору, профессор Камчыбек Кожогуловдун айтымында, учурда инженерлер академиясында онго жакын патент бар. Ал тоо-кен тармагынын жаңы технологияларынын бири. Жер астындагы калып калган кендерди казууда жардам берет. Бул патенттер Терек-Сай кен казуучу жеринде колдонулуп жатат.

Тоо-кен өндүрүшү өлкө экономикасын көтөрүп кете турган тармактардан. Тилекке каршы, ойдогудай өнүгүү болбой жатат. Кыргызстанда тоо-кен байлыктарынын запастары көп болгону менен аларды иштетүү технологиялары эски бойдон калууда.

Бул материалды кененирээк аудио форматында http://www.maralfm.kg сайтынан уга аласыздар

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...