Акыркы макалалар

Футуролог Курцвейл 2099-жылга чейин дүйнөдө эмнелер өзгөрө тургандыгын айтты

Футуролог Курцвейл 2099-жылга чейин дүйнөдө эмнелер өзгөрө тургандыгын айтты

Google компаниясынын техникалык директору жана технология жаатындагы белгилүү футуролог Рэй Курцвейл келечектеги өзгөрүүлөр тууралуу айтып чыкты. Ал бул жолкусунда 2099-жылга чейинки технологиялык божомолдорго токтолду. Inventure сайтынын маалыматында Курцвейлдин 1990-жылдары айткандары учурда көпчүлүгү жашоо чындыгына айланган. Төмөндө сиздерге келечектеги өзгөрүүлөр тууралуу сунуштайбыз:

2019 – компьютердик кабелдер жана өткөргүчтөр баары өтмүштө калат.

2020 – Персоналдык компьютерлердин эс тутуму адамдыкы сыяктуу деңгээлге жетет.

2021 – Зымсыз интернеттин жайылуусу жер жүзүндө 85% жетет.

2022 – АКШда жана Европада адамдардын укугу менен кошо роботтор тууралуу да мыйзамдар жазылып баштайт.

2027 – Персоналдык роботтор кадыресе көрүнүшкө айланып, адамдардын үйүндөгү муздаткыч же кофе кайнатуучу сыяктуулардын катарынан орун алат.

2028 – Күндөн алынган энергия кеңири жайылат жана калктын керектөөсүн электр сыяктуу эле камсыздай алат.

2030 – Технологиялык өндүрүштүн өнүгүүсү баардык технологиялык буюмдардын арзандоосуна жол ачат.

2033 – Жолдордо өзүн-өзү башкарган автомобилдер көбөйөт.

2044 – Биологиялык эмес интеллект, биологиялык интеллектке караганда жүз эсе өнүгөт.

2045 – Технологиянын өнүгүүсү менен Жер шары бир чоң “гиганттык компьютерге” айланат.

2099 – Технологиялык процесстердин өнүгүүсү бүтүндөй жер жүзүн каптайт.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...