Акыркы макалалар

Бишкекте Элечек көргөзмөсү өтүүдө

Бишкекте Элечек көргөзмөсү өтүүдө

Бишкекте мамлекеттик тарых музейинде «Элечек» көргөзмөсү уюштурулуп жатат. Элечек долбоору жоготууга учурап бараткан кыргыздын маанилүү кийимдеринин бири болгон элечектин түзүлүшүн, ороо ыкмаларын изилдеп, аны жайылтуу макскатында, мамлекеттик тарых музейи менен биргеликте көргөзмө уюштурууда. Анда 1920-30-40-жылдарга таандык экспонаттар чогултулуп, кайрадан калыбына келтирилген түрдүү үлгүдөгү элечектер коюлган. Аталган музейдин директору Анаркуль Исраилова, илим адамдары элечекти терең изилдеп, жаш муундарга жайылтсак деген пикирин айтты.

Элечек кыргыз айымдарынын ажарын ачып турган, эзелтеден сакталып келген өзгөчө бир кийим. Тарых илимдеринин профессору, “Кыргыз тарых коомунун” президенти Тынчтыкбек Чоротегиндин айтымында, бир гана жети дубандын кыргыздары эмес, коңшулаш өлкөлөрдүн кыргыздары да ушул элечекти кийип жүрүшкөн. “Мындай көргөзмөлөр аркылуу унутулуп бараткан салттык кийимдер кайрадан өзүбүзгө келер бекен деген үмүтүбүз бар”, - деди Тынчтыкбек Чоротегин.

12-декабрга чейин улануучу бул көргөзмөдө элечектен тышкары, кеп такыя, дурия жоолук сымал баш кийимдер жана аялдардын зергер буюмдары да орун алган. Бул элечектер Ош, Нарын, Ысык-Көл облустарынан жана Тажикстандын Мургаб районунан чогултулган тарыхый-этнографиялык изилдөөнүн материалдарынын негизинде жасалган.

Бул материалды кененирээк аудио форматында http://www.maralfm.kg сайтынан уга аласыздар

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...