Акыркы макалалар

Майлуу-Суу лампа заводу жылына 300 млн электр лампасын өндүрөт

Майлуу-Суу лампа заводу жылына 300 млн электр лампасын өндүрөт

Премьер-министр Сапар Исаков бүгүн, 26-декабрда Жалал-Абад облусундагы жумушчу сапарынын алкагында «Майлуу-Суу лампа заводу» жоопкерчилиги чектелген коомунун иши менен таанышты.

Ишкана ишмердүүлүгү тууралуу маалыматты техникалык директор Мурзажан Токтабаев сунуштады. Анын маалыматы боюнча, электр лампаларын өндүрүүчү ишканада 2000 ашуун адам эмгектенет. Заводдо жылына болжол менен 300 млн электр лампасы чыгарылып, көпчүлүк бөлүгү экспортко жөнөтүлөт.

Ал эми милдеттүү төлөмдөр боюнча ири карыздарга байланыштуу ишканада 2009-жылдын 16-февралынан тарта атайы башкаруу иштеп жатат.

Өкмөт башчы ишкананын өндүрүш цехтерин, ошондой эле анда өндүрүлүп жаткан продукцияны көрүп чыкты. Сапар Исаков ишкананын учурдагы көйгөйлөрүн чечүү үчүн жакын арада тийиштүү мамлекеттик органдардын жетекчилеринин катышуусунда жумушчу кемешме өтөөрүн билдирди.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...