Акыркы макалалар

Issyknews. Ысык-Көлдө волейбол боюнча республикалык мелдеш өткөрүлдү

Ак-Суу районунун Челпек айылында 2-5 ноябрда волейбол боюнча мелдеш болуп, өлкөнүн баардык дубандарынан жана Бишкек шаарынан келишкен жаш спортчулар катышты. Бул туурасында Ак-Суу райондук дене-тарбия жана спорт бөлүмүнүн башкы адиси Рысбек Султанбеков билдирди.

Анын айтымында мелдеш мектеп окуучулар арасында өткөрүлдү: ” Бишкек шааарынын “Салам Алик” командасы 1-орунга ээ болуп 12 миң акчалай сыйлыкка ээ болду. 2-орунга Бишкек шаарынан келген “Динамо жаштык” командасына 8 миң сом ыйгырылды. 3-орунду Барскон айылынан келген команда 5 миң сом акчалай сыйланды. 8 спортчуга “Мыкты оюнчу” наамы берилип, кубок медалдар тапшырылды”-дейт Р.Султанбеков. Мелдештин өткөрүүгө Ак-Суу районунун «Челпек» АКсы, «Табылга» жаштар коому жана Каракол мэриясы көмөк көргөзүшкөндүгүн кошумчалады ал.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...