Акыркы макалалар

Жанар Акаев: Камоолор депутаттарды чүнчүттү

Жанар Акаев: Камоолор депутаттарды чүнчүттү

Жогорку Кеңештин 20-декабрдагы жалпы жыйыны техникалык себептерден улам үзгүлтүккө учурап, бүгүнкүгө жылдырылган. Кечээги жыйынында бир катар мыйзам долбоорлору каралмак. Ошондой эле НТС телеканалынын мүлктөрүнүн камакка алынышы боюнча дагы маселе көтөрүлөөрү күтүлүп жаткан.

Бирок, техникалык себептерден улам пленардык жыйын болбой калды. Коомчулукта парламент талылуу маселелерде бийликтин бир бутагы катары өз пикирин билдире албай жатканы сынга алынууда. Биз ушул теманын айланасында Жогорку Кеңештеги эркин депутат Жанар Акаев менен «Күн чабытта» маектештик.

Марал: Техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам болбой калган парламенттин кечээги жыйыны «Ата-Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматовго, депутат Игорь Чудиновго жана экс-депутат Карганбек Самаковго чыккан сот өкүмдөрү менен НТС каналынын мүлктөрү камакка алынган учурга туура келди. V чакырылыштын депутаттары, VI чакырылыштын дагы эл өкүлдөрү техникалык себептерден улам парламенттин жыйыны үзгүлттүккө учурашы биринчи ирет болуп жатат деп, ар кандай күмөн саналоор дагы жүрүүдө. Артка жылдырылган парламент жыйынынын аркасында кандайдыр бир көмүскө максаттар болушу мүмкүнбү?

Жанар Акаев: Компьютерлердин иштебей калганына байланыштырып, биз алгач эч кандай деле жаман ойлорду ойлогон жокпуз. Карап көрсөк айрым депутаттар НТС телеканалын тартып алуу аракетин, депутаттарга чыккан сот өкүмдөрүн парламент трибунасынан көтөрөбүз деп жатышкан. Ушуларга байланыштуу ар кандай жолдорго барышы мүмкүн. Бирок, ошол эле убакта бийлик азыркы парламенттен чочулап, алардын сүрүнөн тайсалдай тургандай деле түрү жок. Парламентте баары бир өлкөдө бурулуш кыла тургандай билдирүүлөр деле жаңырбайт. Болбосо парламент жапа тырмак киришип, өкмөт башчыны кызматтан кетирүү сындуу иштерди кылуу пландары болсо жогорудагы ыкманы колдонду деп күмөн санасак болмок. НТС, сот өкүмү чыккан депутаттар маселесин деле 5-10 гана депутат айтып чыгып, билдирүү жасабаса, олуттуу кадамдарды азыркы парламенттен күтүп болбойт.

Марал: Эми жыйын болбой калды деген сөз 120 депутат жумушка чыкпай калды дегенди билдирет да. Артка жылган парламент жыйыны боюнча керек болсо иликтөө кылыш керек деген дагы депутаттар болууда. Териштирүү кылыш керек деген пикирлерге кандай карайсыз?

Жанар Акаев: Албетте, териштириш керек. Анткени кечээ бүтүндөй бир бийликтин бутагы иштебей калды. Бирок, депутаттардын көпчүлүгү бул жаатта адис болбогондуктан, сырттан көз карандысыз техникалык кызматкерлерди, программисттерди жалдоо зарыл. Ошол эле учурда биз шайлоочуларды кабыл алып, депутаттар мыйзамдар менен алек болуп, ар ким өз алдынча иштеп жатты. Бирок, баары бир кечээги көрүнүш коомчулукта жакшы пикир жараткан жок. Тажрыйбалуу депутаттар менен сүйлөшүп көрсөк буга чейин парламент техникалык себептерден улам ишин токтотуп койгон бир дагы учур болбоптур. Бул ансыз да акыркы учурда кадыры төмөндөп кеткен парламентке дагы көө жапты.

Марал: Коомчулукта депутаттар талылуу маселелерде өз пикирин ачык билдире албай, Жогорку Кеңеш көпчүлүк учурда көз жуумп койгон учурлар көп деген дооматтар айтылып келет. Аны сиз дагы башта өз сөзүңүздө дагы белгилеп өттүңүз. Ошол эле президенттик шайлоо алдында парламент жалпы жыйындарын жумалап токтотуп койгону дагы катуу сынга алынган болчу. Эл өкүлдөрү өзүн көрсөтө албай жатканын сиз эмне менен байланыштырасыз?

Жанар Акаев: Парламенттин авторитети эл ичинде бир топ эле түшүп калган. Буга депутаттар өзүлөрү күнөөлү. Жогорку Кеңеште оппозиция өкүлдөрү дагы абдан эле аз. Кыргызстанда канчалаган адилетсиз сот чечимдери, саясий куугунтук, эркин медианы муунту аракеттери болуп жатат. Ушундай учурда эл эми Жогорку Кеңеш комиссия түзүп, адилеттүү чечим чыгарышса керек деп парламентти карайт. Саясий билдирүүлөрдү, чечкиндүү кадамдарды күтүшөт.

Бирок, Жогорку Кеңеш башын кумга каткандай болуп, унчукпай койгон учурлар көп. Ошон үчүн депутаттар элге жек көрүндү болду. Ал эми айрым саясатчыларды камоолор жана аларга болгон каралоолор депутаттарды бир топ чүнчүтүп койду. Расмий оппозициялык азчылыкта отурган бизнестен келген эл өкүлдөрү болсо, саясий күрөштөрдө ачыкка чыккандан коркушат. Анткени бизде саясий күрөш эч качан таза болбойт. Мисалы бир депутат кайсы бир маселени көтөрсө бийлик аны чечүүнүн үстүнөн иштөөнүн ордуна, ал депутат мурда кандай иштерди кылган, кандай катачылыкты кетирген деп, 10-15 жыл мурунку иштерин казып баштайт. Андан дагы бир нерсе таппаса чет өлкөлүк шылуундар менен иштеше калып, саясатчыларды темир тор артына камоонун оңой ыкмасын таап алышты.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...