Акыркы макалалар

Ишкер Курман Жолдошев: Youtube’да бир ноутбук менен бизнес баштасаң болот

Ишкер Курман Жолдошев: Youtube’да бир ноутбук менен бизнес баштасаң болот

«Марал» радиосунун «Бизнес клуб» программасында ютубер, Кыргызстандагы жалгыз “алтын кнопканын ээси” Курманбек Жолдошев конокто болуп, өзүнүн тажырыйбасы менен бөлүштү. Уктурууда капиталы бир ноутбук менен башталган бул кирешелүү тармактын кызыктары, кыйынчылыктары жана оңой жолдору тууралуу кеп кылды.

Замандын жаңы кесиби “ютубер”

Ютубер кесиби жаңы пайда болгон кесиптердин бири. Бир убактарда блог жазган кишилерди блоггер деп атап келишсе, барган сайын Youtube менен иштеген ишкерлер көбөйдү.

Youtubeтан акча атбуу кантип башталат?

Барган сайын бул тармакта иш алып баруу да оорлошо баштады. Албетте, башында оңой болчу. Жылдан жылга атаандаштык да, шарттар да көбөйө баштады. Негизи акча табуу үчүн эң жөнөкөй жолу бир канал ачып, ага видео жүктөп коюу. Ошол көрүлгөндөрдүн эсебинен акча табуу үчүн “монетизация” кызматына кошуу керек. Мен Youtube менен иштөөнү Дордой базарына салыштырам. Базар сага акысыз орун берет. Ал эми аны жакшылап иштетүү сенин колуңда. Албетте, атаандаштарың болот. Бирок, ошолордун ичинде өзүңдү-өзүң багып кетишиң керек.

Ютубга жол ачкан кризис

Мен бул жолду Москвада баштагам. Буга чейин биз сайт жасап иштечүбүз. 2014-жылдагы кризистен кийин биздин иш солгундады. Анткени биз реклама менен жан баккан үчүн биз башка жолду издөөгө өттүк. “Ошол эле сайттарды англис тилинде жасасакпы?”,- деп ойлодук. Бирок батышта сайт жасагандар көп болчу. Ошондой эле ал тармакта бизге орун табылышы кыйын эле, толуп калган болчу. Изденип отуруп, ютубга токтолдук. Ал аркылуу батышка өттүк десек болот. Андан бери биз англис тилиндеги балдарга арналган видеолорду англис тилдүү мамлекеттерге сунуштап келебиз.

Бала көп убакытка чейин видеону көрүүдөн тажабайт

Биз жаш балдардын аудиториясын тандап алганбыз. Анткени бала бир видеону тажабай канча саат болсо да көрүп отура берет. Бул ютуберлер үчүн ыңгайлуу. Бирок биз 2-5 жаш аралыгындагы балдарды гана камтыганга аракет кылабыз. Анткени ал жаштан жогору балдар ар тармакка бөлүнүп кетет. Кээ бир мамлекетте конструкторлукка кызыгып кетсе, башкалар башка темага бурулуп кетет.

Ютуб бизнесин эл жакшы түшүнө элек

Бизде тилекке каршы, бул тармакта алектенгендер аз. Эл азырынча жакшы түшүнө элек экен. Анткени биз аймактарга барып таанышып көрдүк. Бирок түшүнүк аз-аздан келип, “бул тармактан акча тапса болот” деген даамды тата баштады. Маселен, кыргызча клиптерди таратып ырчылар менен иштешкендер көбөйдү.

Бир көрүүчүдөн деле акча түшө баштайт

Ютубдун өзүнүн акылдуу системасына жараша бир көрүүчүдөн кийин да акча түшө баштайт. Анткени контент рекламага туура келсе, акча түшө берет. Бирок аны система өзү тандайт. Бардык иштин ийгилиги ага кызыгып, берилип жасагандыгында. Мен өзүм кызыккандыктан, бул тармак мага кызыктуу болду. Учурда менин окуучуларым да бар. Алардын арасында жакшы түшүнүп, түшүнбөй баштагандары да бар болчу. Башыда жыйынтык болбой келсе, эми боло баштады. Ютуб каналында «монетизация» деген кызмат иштетилген болсо, акча түшкөн учурда доллардын сүрөтү жашыл күйүп калат. Чогулган акча 100 долларга жеткенде, Ютуб аны колдонуучуга жөнөтөт. Эгер ал акчаны банктык эсеп аркылуу алам десе, патент аркылуу эсеп ачуу керек.

Бир ноутбук менен башталган бизнес

Бул тармак көп акчаны талап кылбайт. Бир ноутбук менен баштаса болот. Тил билүүнү да талап кылбайт. Акыркы учурда бул ишти группа менен баштагандар да көбөйдү. Капиталы бар киши бирөөнү жалдап иштетип, пайызын бөлүшүп алышат. Ал кишинин идеясы болушу мүмкүн, бирок шыгы болбой калышы ыктымал. Ошондо ортодон иш алып барышат. Бирок алгачкы баштаганда, маалымат алуу, изденүү керек. Мен мисалы айрымдарды билем, алар башында жакшы изилдебей эле кызыгып ачып алышкан. Бирок 8-9 айлап жыйынтык чыкпай, эми киреше ала башташты. Бул убакыттын аралыгын алардын тажрыйба топтошу менен жана үйрөнүүсү менен байланыштырат элем. Бул система боюнча ютубдун өзүнөн да сабактар бар. Ошолор аркылуу үйрөнсө да болот.

Кайсы аудитория көп акча алып келет

Мен жаңы ютуб каналын ачканда “Кыргызча клиптер” деген атта ачып, клиптерди жарыялап турчумун. Мигранттар көп кирчү. Киргендердин 80% мигранттар түзчү. Акча дагы жакшы түшөт эле. Анткени Орусиядан көргөндөрдүн реклама баасы биздикинен жогору болчу. Бирок кыргыз тилинде каналдын канчалык потенциалдуу болушу тематикасына жараша. Маселен, психология тармагы боюнча болсо, аудитория чектелип калышы мүмкүн. Анткени, анда тил жана тематика чектөөсү бар. Бирок, башка социалдык тармактарга бөлүшүү менен жакшы каражат табууга мүмкүн.

Эгерде каналдын ээси башка бирөөдөн уруксаты жок уурдап алып, жарыяласа ага эскертүү берилет. 3 жолу эскертүү берилгенден кийин каналын жаап салат. Ал видеонун автору өзү оригиналын ютубга жиберет. Анын кодуна салыштырып, өчүртүп коет.

Дагы белгилеп кетүүчү жагдай, эгер автор балдар темасында кылдат мамиле кылбаса, ютуб жаап салат. Мындай тенденция акыркы учурда көп катталууда. Анткени балдарда агрессия, коркуу пайда кыла турган видеолорго ата-энелер арызданып, массалык маалымат каражаттарына чыгарып, жаптырып жатышат. Мунун натыйжасында чоң аудиториясы бар каналдарды жапты. Ютубдун атайы тескеген саясаты жок, бирок эгерде көрөрман нааразы болсо аны жабат. Анткени ага анын кесепетинен жарнама келбей калат.

Интернет тематика курулушка караганда он эсе кирешелүү тармак. Бизде азырынча жакшы өнүгө элек болсо да, бул тармак кирешелүү жана ыңгайлуу.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...