Акыркы макалалар

Бишкекте дүлөйлөр үчүн япон тасмасы көрсөтүлөт

Бишкекте дүлөйлөр үчүн япон тасмасы көрсөтүлөт

Тасма КРде биринчи жолу 2016-жылы JICA ыктыярчылары тарабынан орус тилинде көрсөтүлгөн

Бүгүн Бишкекте япондордун дүлөйлөр үчүн тартылып, кыргыз тилине которулган "Юзуриха дарагы" тасмасы көрсөтүлөт. Бул тууралуу фильмди кыргыз тилине которуу жана коомчулукка тартуулоону колго алган "Эгемендик айымдар" клубунун жетекчиси Элвира Боромбаева билдирди.

Анын айтымында, майыптардын коомчулук тараптан өгөйлөнүү көйгөйү Кыргызстанда олуттуу бойдон калууда.

"Капысынан кезиктирип калган майыптарга жардам көрсөткөндөр жок эмес. Бирок аны байкамаксан болуп өтүүгө аракет кылгандар дагы бар. Аталган тасма мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын көйгөйлөрүн коомчулукка ичинен көрсөтүү", — деди Боромбаева.

Тасма КРде биринчи жолу 2016-жылы JICA ыктыярчылары тарабынан орус тилинде көрсөтүлгөн.

Түп нускага шилтеме : sputnik.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...