Акыркы макалалар

Бүгүн Токтогул ГЭСинде жаңы трансформатор толук ишке берилет

Бүгүн Токтогул ГЭСинде жаңы трансформатор толук ишке берилет

Бүгүн, 18-декабрда Токтогул ГЭСиндеги жаңы трансформатор толук ишке берилет. Бул туурасында Улуттук энергохолдингдин директору Айбек Калиев республикалык жыйында билдирди.

Анын айтымында, 13-декабрда Токтогул ГЭСиндеги экинчи гидроагрегатты ишке берүүгө чейин Бишкек шаарындагы Жылуулук энерго борборуна 400 мегаватт кубаттуулук жүктөлгөн. Экинчи агрегатты ишке бергенден кийин ГЭСтен электроэнергияны Өзбекстанга экспорттоого шарттар түзүлөрүн Айбек Калиев кошумчалады.

Маалыматка ылайык, жаңы трансформатор 16-ноябрда алынып келинген. 17-ноябрдан бери монтаж иштери жүрүп жаткан. Ал эми 20-декабрдан тартып энергохолдинг Өзбекстанга электроэнергия экспорттой баштайт.

Эске салсак, буга чейин электроэнергияны 2017-жылдын декабрь айынан 2018-жылдын март айына чейин 550 млн кВт саат көлөмүндө экспорттоо боюнча келишимге кол коюлган.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...