Акыркы макалалар

VII эл аралык кинофестивалдын жеңүүчүлөрү аныкталды


VII эл аралык кинофестивалдын жеңүүчүлөрү аныкталды

Бишкекте “Кыргызстан- кыска метраждуу фильмдердин өлкөсү” VII эл аралык кинофестивал жыйынтыкталды. Ага КМШ өлкөлөрү, Балтия, Грузиянын фильмдери катышкан. Уюштуруучулардын берген маалыматына ылайык, улуттук сынакта “Эң мыкты фильм” наамына Касиет Кубанычбек кызынын “Оймок” фильми татыды. Ал эми мыкты режиссердук эмгек үчүн “Таш көмүр” фильминин режиссеру Евгений Чистяков алды. Ушул эле эмгек “мыкты үн кооздоо” наамы боюнча да сыйланды. Калыстар тобунун өзгөчө белегине Азамат Шаршенов “Жашоо керемет” фильми менен татыды. Ал эми Мээрим Догдурбекованын, Токтобек Усеновдордун фильмдери калыстар тобунун купулуна толду. Көрүүчүлөрдүн купулуна толгон фильм катары Ильгиз Турсунбековдун “Аңчылык” деген эмгеги тандалды.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...