Акыркы макалалар

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2018-жылдын сентябрында өтөт

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2018-жылдын сентябрында өтөт

Мамлекеттик «Ала-Арча» резиденциясында 2018-жылы боло турчу III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын презентациясы өтүп жатат. Анда сөз сүйлөгөн премьер-министр Сапар Исаков, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюну келерки жылдын сентябрь айында Ысык-Көлдө өтөөрүн жарыялады. Өкмөт башчысы Ыcык-Көл облусундагы оюндар уюштурулуп келген Кырчын жайлоосу келечекте көчмөндөрдүн ордосуна айланаарын дагы айтты.

Иш-чарага өкмөт өкүлдөрү, парламент депутаттары, ишкерлер жана журналисттер катышууда.

Этностук спорт түрлөрү боюнча уюштурулуучу эл аралык спорттук мелдешти өткөрүү демилгеси 2012-жылы Түрк Кеңешинин саммитинде экс-президент Алмазбек Атамбаев тарабынан көтөрүлүп, 2014-жылы тарыхта биринчи ирет Кыргызстанда өткөрүлгөн.

2016-жылы II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары дагы Кыргызстанда болуп, ага көчмөндөр оюндарынын 25 түрү боюнча дүйнөнүн 62 өлкөсүнөн спортчулар катышкан. Ал эми быйыл III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун өткөрүүгө бюджеттен 307,2 млн сом бөлүү каралган.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...