Акыркы макалалар

Токойчулар “талап аткарылбаса митинг уюштурабыз” дешүүдө

АНАРХАН ЖАҢЫБАЕВА, ЖАЛАЛ-АБАД

Жалал-Абад шаарында 5-ноябрда токой чарба кызматкерлери митинг уюштурушуп, Курчап турган айлана-чөйрөнү коргоо жана токой агенттигинин директору Сабыржан Атажанов кызматтан 10 күндүн ичинде кетпесе, анда митингди Бишкекте улантышаарын эскертишти. Бул тууралуу нааразычылык акциясынын уюштуруучуларынын бири Абдумалик Элеманов билдирди. Митингдин уюштуруучуларынын айтымында, токойчулар: токой жана экология кызматкерлеринин 1 миңден 3 миңге чейинки сомдук айлык акысын 100 пайызга көтөрүү жана атайын кийим-кече, курал-жарак менен камсыз кылуу талаптарын коюшкан. Жалпысынан сегиз талап жазылган кайрылуу өлкө президенти, парламент жана өкмөт башчыларына жөнөтүлдү. Мындай талаптар коюлган митинг Жалал-Абад шаарында ушуну менен төртүнчү жолу өтүп жатат. Токойчулар жогорку бийлик өкүлдөрүнө жолдогон кайрылуу катын өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнө беришкен. Өкүлчүлүктүн жооптуу кызматкерлери митингчилердин талабын өкмөткө жеткирише тургандыгын убада кылышкан. «Биздин койгон талаптарга жооп келмейинче, нааразычылык акцияларын уланта берүүнү көздөгөнбүз.Тилекке каршы, өкүлчүлүктүн жооптуу кызматкерлеринин өтүнүчү менен убактылуу тарап кеттик. Эгерде биздин кайрылууга 10 күндүн ичинде жооп келбесе, анда биз борборубуз Бишкекке барып митинг өткөрүүнү пландап жатабыз», - дейт А.Элеманов.

08/11/2013

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...