Акыркы макалалар

КСДП акыйкатчы Оторбаевге ишенбөөчүлүк көрсөттү

КСДП акыйкатчы Оторбаевге ишенбөөчүлүк көрсөттү

Бүгүн, 15-декабрда акыйкатчы Кубат Оторбаев КСДП фракциясынын жыйынына келбегенине депутаттар нааразы болду. Жыйындын күн тартибинде акыйкатчынын ар жылдык баяндамасы каралмак.

Аталган фракциянын лидери Иса Өмүркулов акыйкатчынын баяндамасы жарым жылдан бери каралбай, созулуп жатканын билдирди. Анын айтымында, жыйынга Оторбаев кандай себеп менен келбей жатканы белгисиз.

Ал эми депутат Рыскелди Момбеков акыйкатчы 8 айдан бери отчет бербей жатканына токтолуп, ага ишенбөөчүлүк чечимин кабыл алууну сунуштады.

-Президенттик шайлоодо мыйзам бузуулар болду. Ага акыйкатчы үн каткан жок. Чек ара маселеси боюнча оюн билдирген жок. Акыркы жылы экс-президент Алмазбек Атамбаев акыйкатчы болду. 8 айдан бери жыйынга алып келе албасак акыйкатчынын эмне кереги бар? Келбесе анын ишине ишенбөөчүлүк көрсөтүп, чечим кабыл алышыбыз керек.

Жыйынтыгында депутаттар акыйкатчынын отчётун «канааттандырарлык эмес» жана ишенбөөчүлүк көрсөтүү боюнча чечимин кабыл алышты. Бул маселе Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында каралмакчы.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...