Акыркы макалалар

"Медиа полиси институту": элдин 67,7% маалыматты смартфон аркылуу алат

"Медиа полиси институту": элдин 67,7% маалыматты смартфон аркылуу алат

Сүрөттө "Медиа полиси институту" өз иликтөөсүн жарыялоодо. 15-декабрь, 2017-жыл. Бишкек.

Кыргызстандагы "Медиа полиси институту" коомдук фонду бүгүн өлкө элинин медиа сабатынын деңгээлин, маалымат алуу булактарын баалоо боюнча иликтөөсүнүн жыйынтыгын жарыялады. Аны менен уюмдун директору Бегаим Үсөнова тааныштырды.

Социологиялык иликтөөнү "Медиа полиси институту" "Сорос Кыргызстан" фондунун буюртмасынын негизинде жүргүзгөн.

Иликтөө быйыл 1-сентябрдан 30-ноябрга чейин Кыргызстандын жети облусунда жана эки шаарында жүргүзүлүп, сурамжылоого жалпысынан 1200 киши катышкан. Ага негизинен 16 жаштан жогору кыргыз, орус, өзбек тилдүү жарандар тартылган.

Респонденттердин 94,5 пайызында телевизор, 67,7 пайызында смартфон, 40,5 пайызында жөнөкөй телефон, 23, 7 пайызында компьютер, 0,3 пайызында букридер бар экени белгилүү болду.

Маалыматка караганда, жөнөкөй телефон көтөргөндөрдүн көбү улгайган жарандар.

Буга чейин "M-Vector" консалтинг компаниясы Кыргызстандагы медиа-рынок боюнча иликтөөсүн жарыялаган. Анда кыргызстандыктардын басымдуу бөлүгү маалыматты Интернет булактарынан алаары көрсөтүлгөн.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...