Акыркы макалалар

Президенттин Ташкент сапарынын жыйынтыгы

Президенттин Ташкент сапарынын жыйынтыгы

Президент Сооронбай Жээнбековдун Өзбекстандагы эки күндүк сапарында кандай маселелер талкууланды?

Президент Жээнбеков чет өлкөгө биринчи расмий сапарын эмне үчүн Өзбекстанга жасады, Кыргызстан үчүн Өзбекстан аймактагы эң маанилүү өлкөгө айландыбы, Ысык-Көлдөгү төрт пансионат эмне үчүн кошуна өлкөгө кайра берилди, чек араларды тактоодогу макулдашуулар эмнеге негизделди?

Ушул жана башка маселелер “Арай көз чарай” берүүбүздө талкууланды.

Талкууга саясий илимдеринин кандидаты, дипломат Орозбек Молдалиев жана Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Данияр Сыдыков телефон аркылуу катышты.

“Азаттык”: Урматтуу эксперттер, Кыргызстандын жаңы президенти Сооронбай Жээнбековдун чет өлкөгө биринчи расмий сапары эмне үчүн Өзбекстанга болду, анын саясий, тарыхый же моралдык себеби эмнеде?

Орозбек Молдалиев: Кыргызстандын буга чейинки президенттери кызматка киришкенден кийин биринчи сапар менен Орусияга барышчу.

Маалымат кызматтары мамлекет башчынын биринчи сапары Орусияга болду деп жарыялап жиберишти. Эми Өзбекстанга баратканда дагы Жээнбековдун чет өлкөгө биринчи расмий сапары деп айтып жатышат.

Демек, өзүнөн өзү суроо туулат: аймактагы тышкы саясатта мындан аркы приоритет Өзбекстан болобу деген. Негизи тышкы саясатта ушундай, мамиле, сапарларды ошол артыкчылык берилген мамлекеттерден башташат. Ушундай жазылбаган эрежелер бар. “Бизге келип кетиңиз” деп Казакстандын президенти да чакырган. Бирок Казакстандагы элчибиз ким болору алигиче чечиле элек.

Сапарды кимдир бирөө даярдашы керек да, жөн эле барып-келе бергендей жумуш эмес. Макулдаша турган көп маселелер болот. Ошондон улам Казакстанга даяр болбой калышты окшойт.

Өзбекстан мурда жетишилген макулдашуулар, келишимдерди аткарууга динамика берели деп ниеттенип жатат, бул жакшы көрүнүш. Өзбекстан менен чече турган көп маселелер чечилип жатат, дагы көбүн чечүүгө аракеттер болууда.

“Азаттык”: Президент Жээнбеков бул расмий иш сапары менен Кыргызстан Борбордук Азиядагы мамлекеттердин арасында Өзбекстанды өзгөчө приоритеттүү орунга коерун билдирди десек болобу?

Данияр Сыдыков: Ооба, жаңы президентибиз Сооронбай Жээнбековдун биринчи расмий сапары Өзбекстанга болууда.

Президент жаңы кызматка киришип жатып сүйлөгөн сөзүндө башкы приоритет мамлекет катары Орусияны белгилеп, андан кийинки тышкы саясаттагы артыкчылыктуу багытыбыз Борбордук Азия өлкөлөрүнө багытталарын баса белгилеген. Болуп жаткан жаткан расмий иш сапар ошол багыттарга динамика берүү болуп эсептелет.

Акыркы бир жылда он жылда жасалбаган көп иштер болду. Көйгөйлүү маселелер топтолуп калган, алардын баарын чечүү керек. Өзбекстандын президенти биздин президентибиз Сооронбай Шариповичти дагы келип кетүүгө чакырган, ошону ишке ашырып жатат.

“Азаттык”: Данияр мырза, президент Жээнбековдун Ташкентке жасаган расмий сапарды жыйынтыктаганда жетишилген кайсы макулдашууларды өзгөчө белгилер элеңиз?

Данияр Сыдыков: Президенттердин сүйлөшүүсүнөн кийин сегиз документе кол коюлду. Алардын баары өтө маанилүү келишимдер, макулдашуулар деп эсептейм. 2018-2021-жылдары Өзбекстан Республикасынын өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн ортосунда экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу тууралуу программа кабыл алынды.

Бажы ведомстволорунун ортосунда товарларды жана транспорттук каражаттарды ооштурууда бажы операцияларын жүргүзүүнүн жөнөкөйлүштүрүлгөн тартибин киргизүү тууралуу келишимге кол коюлду. Өзбекстан Республикасынын Илимдер академиясы менен Кыргыз Республикасынын Илимдер академиясынын ортосунда илимий-техникалык кызматташуу тууралуу келишимди өзгөчө баса белгилеп койсок болот. Дагы бир топ маанилүү документтерге кол коюлду.

“Азаттык”: Орозбек мырза, эки өлкө ортосундагы мамилелелерге келгенде Ысык-Көлдөгү төрт пансионат коомчулукта көп сөз болууда. Бул эс алуу жайлары боюнча өкмөттүн мурдагы токтомун жокко чыгарып, кайра берилгенинин негизги себебин сиз эмнеден көрөсүз,Өзбекстандын эл аралык арбитраждык сотко берилишинен утулуп калуу коркунучу болдубу же башка себептер барбы?

Орозбек Молдалиев: Биринчиден, 2016-жылы Өзбекстандан төрт пансионатты өзүбүзгө өткөрүп алуу боюнча чечим кабыл алып жатканда юридикалык экспертизадан өтсө керек, деп ойлойм.

Экинчиден, Советтер союзу тарап жаткандагы бир келишим бар, анда башка мамлекеттерге тиешелүү мүлктөр, имараттар,ошол мамлекеттин менчигине өтөт деп жазылган. Андан бери саясий эрктин жоктугунан, башка себептерден улам булар чечилбей келген.

Мурдагы президент Атамбаев, мурдагы премьер-министр Сариев ошол пансионаттарды Кыргызстанга чечкиндүүлүк менен чечтик деп коомчулукка жакшы эле акция кылышкан. Эми мурдагы президентибиз октябрда Өзбекстанга барган сапарында пансионаттарды берүү боюнча келишимге кол коюлганы билинип жатат. Бул ойлонулбаган чечим болуп калганы көрүнүп турат.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...