Акыркы макалалар

Жол кырсыгынын күнөөкөрлөрү эми “кун төлөп” кутула албай калат

Жол кырсыгынын күнөөкөрлөрү эми “кун төлөп” кутула албай калат

Адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыктарында тараптардын жарашуусу жокко чыгат. Кылмыш жаза кодексине киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, эми мындан ары жол кырсыктарынын күнөөкөрлөрү жоопкерчиликтен “кун төлөп” кутула албай калышат.

Демилгечи депутат Дастан Бекешев билдиргендей, мыйзам долбоору жол кырсыктарын азайтуу максатында иштелип чыккан.

Анткени, Кылмыш-жаза кодексинин 281, 284 жана 284-беренелериндеги ченемдер адам каза тапкан жол кырсыктарына күнөөлүү жактардын кылмыш жазасынан кутулуп кетүүсүнө жол берүүдө. Ал эми 281-берене боюнча жабыр тартуучу каза болсо же ден соолугуна олуттуу зыян келсе, күнөөлүү жарандарды 5-7 жылга эркинен ажыратуу менен унаа айдоо укугунан 3 жылдык мөөнөткө ажыратуу сунушталууда.

Мындан сырткары, мас абалындагы же болбосо транспорт каражатын башкарууга укугу жок адамга унааны башкарууга берип, жол кырсыгына себепкер болсо айдоочу үч эселенген айыпка, же беш жылдык мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Мыйзам долбоору 3-окууда добуш берүүгө жиберилди.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...