Акыркы макалалар

"Kloop.kg" сайтынын журналисти УКМКга чакырылды

"Kloop.kg" сайтынын журналисти УКМКга чакырылды

"Samara.kg" сайты жөнүндөгү макаланын автору Ринат Тухватшинге Улуттук коопсуздук комитетинен чакыруу келди. Атайын кызматтын чакыруусу Мамлекеттик каттоо кызматынын бүгүнкү маалымат жыйынынан кийин берилгенин "Kloop.kg" сайты жазып чыкты.

Чакырууда Тухватшин күбө катары 15-декабрда УКМКга сөзсүз барууга тийиш экендиги көрсөтүлгөн.

"Kloop.kg" сайты 26-октябрда Кыргызстандагы президенттик шайлоонун алдындагы көз боёмочулук тууралуу иликтөө жарыялаган. Анда Мамлекеттик каттоо кызматындагы маалыматтар коомчулукка белгисиз "Samara.kg" сайтына көчүрүлүп, бир ай бою жарандардын жеке маалыматтары көзөмөлгө алынып турганы жазылган. Ал сайт үгүт өнөктүгүндө добуш берүүгө кимдин келип-келбегенин белгилеп турганы айтылган.

Мамлекеттик каттоо кызматы бүгүн бул макала боюнча иликтөөсүнүн жыйынтыгын жарыялап, мекеменин серверине тыштан кийлигишүү же башка бир сайттын жайгаштырылганы далилденген жок деп билдиди. Мамкаттоо "Kloop.kg" сайтынын үстүнөн УКМКга кайрыларын да жарыялады.

Маалымат жыйынында макаланын автору Ринат Тухватшин Мамлекеттик каттоо кызматын "Samara.kg" сайтынын серверге жайгашканын "атайылап жашырууга аракет кылып жатат" деп сындаган.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтүп, КСДП көрсөткөн Сооронбай Жээнбеков мамлекет башчы болуп шайланган эле.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...