Акыркы макалалар

Баалуу балыктарды сактоо боюнча үч айлык жарыяланды

ШЕЙШЕКАН ЖАНАЛИЕВА, ЫСЫК-КӨЛ

Ноябрь айынан баштап Ысык-Көлдүн баалуу балыктарын сактоо боюнча үч айлык жарыяланды. Кыргыз Республикасынын облустагы өкүлчүлүгүнүн тиешелүү адистеринин, экологдордун маалыматтарына караганда, жыл сайын улам жоголуу чегине жетип бараткан баалуу балыктарды сактоо боюнча айлыктар жарыяланат. Балык кармоо менен шугулданган браконьерлерге айыптар салынат, административдик жаза алгандар да болот. Бирок форель, сига, чабак ж.б. баалуу балыктардын кору азайгандан азаюуда. Ысык-Көлгө Кытайдын арзан торлору толуп кетти. Экологдор гана браконьерлер менен күрөшөт. Тилекке каршы чеке жылытаарлык жыйынтык жок. Форель кармагандарга 2 миң сомдон, ал эми майда чабак балыктарын торго илгендерге 500 сомдон айып пул салынат. «Бул өтө эле жумшак жаза, катуураак жаза колдонуш керек. Ысык-Көлдүн баалуу балыктарын чиновниктер гана жешет, экологдор өздөрү мыйзамды сакташпайт, үч айлык бул жөн гана элди алдоо»,-дешет жаратылыш байлыктарына кайдыгер карабагандар.

08.11.2013

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...