Акыркы макалалар

Кыргызстандыктар интернетке ооду

Кыргызстандыктар интернетке ооду

Кыргызстандыктардын 57 пайызы маалыматты интернет булактарынан алат. Ал эми ТВ булактардан 56%, радиодон 6%, мезгилдүү басылмалардан маалымат алгандар 7% түзөт. Бул тууралуу Кыргызстандагы медиа-рынок боюнча "M-Vector" консалтинг компаниясынын иликтөөсүндө айтылган. ​

Былтыр Кыргызстанда интернет булактарынан маалымат алуу 37% түзсө, быйыл бул көрсөткүч 1,5 эседен ашык көбөйгөн. Ал эми ТВ каналдардан маалымат алуу, тескерисинче, 68 пайыздан 56 пайызга азайган.

Кыргызстандагы медиа-рынок боюнча иликтөө жүргүзгөн "M-Vector" консалтинг компаниясынын башкы директору Наиль Хайбулиндин "Азаттык" радиосуна билдиришинче, буга негизинен мобилдик интернеттин өнүгүшү себеп болууда. Ошондой эле санариптин ишке кириши да өлкөдөгү медиа рынокто өзгөрүүлөргө алып келди:

- Бир эле жылда Кыргызстандагы медиа-рынокто олуттуу өзгөрүүлөр болгонун иликтөөбүз көрсөттү. Өзүңүздөр көрүп тургандай, маалыматты интернет булактарынан алгандар дээрлик эки эсе көбөйгөн. Ал эми санариптик ТВнын ишке кириши менен телеканалдардын саны жана түрү көбөйдү. Санарип телеканалдардын программаларынын сапаттык өзгөрүүсүнө да салым кошконун айтсак болот.

Мобилдик интернет демекчи, "маалыматты интернет булактарынан алам" деген респонденттердин дээрлик 90% негизинен чөнтөк телефондору аркылуу интернетке кирерин билдирсе, 21% үйдөгү ноутбук, планшет, кабелдик ТВ, 9% үйдөгү компьютерден, 5% жумуштагы, ал эми 1% интернет-кафелердеги компьютерлер аркылуу интернеттен маалымат аларын айтышкан.

Иликтөө сурамжылоонун негизинде жүргүзүлүп, ага 2200гө жакын киши катышкан. Медиа иликтөө өлкөнүн жети аймагында, Бишкек, Ош шаарларында жүрдү.

Сурамжылоого катышкандар "Одноклассники" социалдык тармагын электрондук кат алышуучу почта, социалдык тармак, жеке кат алышуучу булак катары да көрсөтүп беришкен. Ошондой эле электрондук почта катары колдонулуучу хостингдердин ичинде Орусиянын "Mail.ru" порталы 70% менен алдыга чыккан. Жеке пикир алышуучу интернет булагы катары "Ватсап" 96% менен алдыга чыккан.

Ал эми маалыматтык сайттардан "Супер.кг" порталы, Youtube, "Акипресс" жана "News.kg" сайттары аталган. "M-Vector" консалтинг компаниясынын башкы директору Наиль Хайбулиндин айтымында, сурамжылоодо жалпысынан "Кайсы сайттарга көп киресиз?" деген собол узатышкан. Ал эми интернеттеги маалыматтык сайттар, алардын рейтинги тууралуу өзүнчө суроо кийинки жылы бериле баштайт.

Санарип олуттуу өзгөрүүлөрдү талап кылат

Санариптик ТВ учурда өлкөнүн бардык аймактарында 98-99% тартат. Санариптин иштеши менен өлкөдөгү медиа рынокто 50дөй телеканалды көрүүгө шарт түзүлгөн.

Иликтөөдө сурамжылоого катышкандардын негизги бөлүгү Коомдук 1-каналды, Орусиянын 1-коомдук каналы менен РТРди көрөрүн билдиришкен. Музыкалык жана жалаң кино, мультфильм көрсөткөн айрым каналдар да жок эмес.

"Жалбырак" телеканалынын жетекчиси Кайыргүл Орозбай кызынын пикиринде, бул көрсөткүч жергиликтүү телеканалдар али да болсо көрүүчүлөрдү тарта турган программаларды алып чыкпаганын далилдейт:

- Бүгүнкү жыйынтыктар көрсөткөндөй, көрүүчүлөрдүн көпчүлүгү, мисалы, шаардагылар, дагы эле орусиялык телеканалдарды, айылдагылар көбүнчө КТРКны көрүшөт. Жергиликтүү телеканалдар деле бар экен, бирок 1-2-3 пайыз көрүүчү - бул өтө эле аз. Ошондуктан, жергиликтүү каналдар өз материалдарынын мазмунун жакшыртып, өзгөртпөсө, тез эле жабылып калуу коркунучу бар. Анткени бизде реклама аз эле. Алар көрүүчүлөр көп көргөн КТРК, ОРТ жана башка орусиялык каналдарга кетип калышы мүмкүн. Анда жергиликтүү каналдар өздөрүн бага алышпайт.

Ошол эле учурда "M-Vector" компаниясынын иликтөөсүнүн жыйынтыктарына макул болбогон эксперттер да бар. Алардын айрымдары май айынан бери санарип иштеп жатканына карабай, алдыңкы орунга дагы эле орусиялык телеканалдар менен КТРК чыкканы бир аз ишенбестик жаратканын айтышат.

Медиа-эксперт Алмас Турдумаматовдун баамында, "M-Vector" компаниясынын иликтөөсү Кыргызстандагы медиа рыноктун абалын так көрсөтүп турат деп айтууга болбойт:

- Бүгүн өзүңүз көрдүңүз, залда да күмөн санаган суроолор берилип жатты. Ошондуктан, Кыргызстандагы медиа рыноктун абалын бир гана уюм эмес, бир канча компаниялар иликтеп, сурамжылап чыкканда, ортодон жарамдуу көрсөткүчтөр чыкмак. Азыр бизге бир эле уюм өз иликтөөсүнүн жыйынтыгын жарыялады. Эгер альтернатива болсо, кимге ишенип, кимге коюшту эл өзү чечип алат.

Радио менен гезит-журналга кызыгуу азайды

Сурамжылоого катышкандардын 6% маалыматты радиодон алышарын айтышкан. Алардын 82% радиону үйдөгү, жумуштагы же унаадагы радиодон, 17% чөнтөк телефондон, калгандары башка түйүндөрдөн угушкан.

Кыргызстандагы радиолордун ичинен алдыңкы орундарды негизинен ыр, маанайшат берүүлөрү менен "Кыргызстан обондору", "Европа плюс", "Миң кыял" сыяктуу радиолор ээлесе, маалыматтык радиолор арасында "Азаттык" радиосу алдыда.

Ал эми мезгилдүү басылмалар арасында 67% менен "Супер-инфо" гезити башкы орунга чыккан. Андан кийин 14,3% менен "Вечерний Бишкек", 7,8% менен "Дело №" гезиттери турат.

"M-Vector" агенттиги Кыргызстандагы медиа рыноктун абалын 2011-жылдан бери иликтеп келет.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...