Акыркы макалалар

Бишкек шаарынын №4 төрөт үйүндө ымыркай уурдалды

Бишкек шаарынын №4 төрөт үйүндө ымыркай уурдалды

Ымыркайдын жоголгондугуна кандайдыр бир деңгээлде медицина кызматкерлеринин тиешеси бар деген божомолдор болууда.

Бишкек шаарынын № 4 төрөт үйүндө төрөлгөнүнө 25 күн болгон наристе жоголгон. Бул тууралуу аталган шаардын Октябрь райондук Ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө маалымдалган. Жоголгон наристе 5-ноябрь күнү алтыга жакын ордунда болгон. Бирок тогуздар чамасында кайра текшерилген кезде ымыркай өз жеринде болбогондугу аныкталган. Уурдалган наристенин апасы Суранчиева Айниса төрөтү оор болгондугуктан, Улуттук госпиталга жаткырылган.

Учурда болгон окуяга байланыштуу тиешелүү кызматкерлер издөө иштерин жүргүзүүдө.

Кошумчалай кетсек, наристенин атасы Орусияда иштеп жүргөндүгү белгилүү болду. Ошондуктан төрөгөн келиндин агасы жакын тууган катары Октябрь РИИБне чакырылып, жоголгон наристени издөөгө катышууда.

Бул материалды кененирээк аудио форматында http://www.maralfm.kg сайтынан уга аласыздар

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...