Акыркы макалалар

Памирлик кыргыздар жок болуп кетүү коркунучунда

Памирлик кыргыздар жок болуп кетүү коркунучунда

Афганистандын Кичи жана Чоң Памиринде жашаган кыргыздар 3000-5000 метр бийиктикте климаттык катаал шарттарда күн кечирүүдө. Алардын жашоосу ушул бойдон кала берсе, анда 15-20 жыл ичинде памирлик кыргыздар толук бойдон жок болот.

16-кылымдан тарта Памирде жашап жаткан кыргыздардын көйгөйү чечилбеген бойдон калууда. Учурда ал жерде болжол менен 1200дөй этникалык кыргыз жашайт. Алар бийик тоодо күн кечирип, Афганистандагы кырдаалга байланыштуу мурункудай көчүп-конуп жүрө алышпайт. Соода-сатык иштери да дээрлик жокко эсе. Андыктан, алар көбүнчө эт жана сүт азыктарын гана пайдаланышат.

Атайын мектеп босогосун аттап билим алышпаса да, фарс тилин үйрөнүп алышкан. Кыргыз тилин унуткан эмес. Кыргызстандыктар билбеген архаизм сөздөрдү билишет. Анча-мынчасынын гана паспорттору болбосо, көбүнүн документтери жок.

Медициналык көзөмөлдүн жоктугунан аялдар төрөттөн каза болгон учурлар көп кездешет. Ал жерге барган кыргызстандыктардан билим алуу жана медицина көйгөйүн чечип берүүнү көп суранышат. Ошондой эле Кыргызстанга көчүрүп кеткиле деген сунуштарын айтып келишет. Учурда өкмөттөр аралык сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Бирок маселе кандай болуп чечилет, памирлик кыргыздардын жашоо-шарты оңолобу али белгисиз.

Бул материалды кененирээк аудио форматында http://www.maralfm.kg сайтынан уга аласыздар

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...