Акыркы макалалар

Бакчиев: "Карагул" мультфильми 2018-жылы элге тартууланат

Бакчиев: "Карагул" мультфильми 2018-жылы элге тартууланат

Белгилүү манасчы, манас таануучу, филология илимдеринин кандидаты Таланталы Бакчиев учурда комикстер дагы жасалып жатканын айтты.

"Карагул" мультфильми 2018-жылы элге тартуулана тургандыгын Таланталы Бакчиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Эске сала кетсек, Бишкек шаарында 7 күндүк Манас айтуу болуп өттү.

"Учурда Манасты жаш балдарга жеткирүү боюнча аракеттер көрүлүүдө. "Карагул" деген мультфильм тартылып жатат. Буюрса 2018-жылы элге тартууланат. Андан сырткары, комикстер жарык көрдү. Эми колдон келген аракеттин баарын көрүп жатабыз", — деди Бакчиев.

Ал коомчулук дагы Манасты жайылтууда карап турбастан кол кабыш кылышы керектигин кошумчалады.

Түп нускага шилтеме : sputnik.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...