Акыркы макалалар

Дыйкандарга биогумусту пайдалануу боюнча кеңеш берген сайт ачылды

Дыйкандарга биогумусту пайдалануу боюнча кеңеш берген сайт ачылды

Айыл чарбасы үчүн биогумусту пайдалануу жана иштетүү боюнча кеңеш берген жаңы сайт ачылды. Анда калифорния сөөлжандары иштеп чыгарган чиринди затты айдоо талааларга жер семирткич катары колдонуунун пайдасы жана артыкчылыктары тууралуу кеңири маалымат берилет.

Айыл, суу чарба жана тамак аш өнөр жайы министрлиги билдиргендей, биогумус продукциясы дыйканчылык үчүн абдан зарыл болуп турат.

Анткени, биогумусту айдоо аянттарына колдонуу түшүмдү жогорулатып, азык-түлүк өнүмдөрүнүн сапатын жакшыртат. Ошондой эле, анда эч кандай химиялык кошулма жок болгондуктан экологиялык таза продукция өндүрүүгө жакшы мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Кошумчалай кетсек, биогумус өсүмдүктөрдүн жана мал чарбасынын калдыктарынан иштетилип алынат.

Төмөндө сайтка шилтеме берилген: https://ordokg.weebly.com

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...