Акыркы макалалар

Кыргызстанда жаш энелердин 35% аз кандуулук менен ооруйт

Кыргызстанда жаш энелердин 35% аз кандуулук менен ооруйт

Бүгүн эл аралык эксперттер, Жогорку Кеңештин депутаттары, адистер Бишкекте азык-түлүк коопсуздугу, аз кандуулук, туура тамактануу жана байытылган унду пайдалануу маселелерин тегерек үстөлдө талкуулашат. “Тамактанууну жакшыртуу, азык-түлүк коопсуздугу боюнча жарандык альянстын” өкүлү Гүлмира Кожобергенованын “Азаттык” радиосуна билдиришинче, Кыргызстанда төрөт курагындагы аялдардын 35%, 5 жашка чейинки балдардын 43 пайызы аз кандуулук менен ооруйт. Адистер буга туура эмес тамактануу, тамак-аш, ун азыктарындагы керектүү витаминдердин жоктугу себеп дешет.

Кыргызстанда акыркы мезгилде энелердин төрөт учурунда жана төрөттөн кийин каза болуп калуусу көйгөйгө айланган. Мунун башкы себебин адистер аялдар арасындагы аз кандуулуктан көрүшөт.

Кыргызстандын башкы акушер-гинекологу Раиса Асылбашеванын буга чейин "Азаттык" радиосуна билдиришинче, 2016-жылы өлкөдө 48 эне өлүмү катталса, быйыл алты айда 22 эне төрөт учурунда же төрөттөн кийинки мезгилде көз жумган.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...