Акыркы макалалар

Кант кызылчасын өстүрүүнү уюлдук телефондон үйрөнүүгө болот

Кант кызылчасын өстүрүүнү уюлдук телефондон үйрөнүүгө болот

Мындан ары кант кызылчасын өстүрүүнү уюлдук телефон колдонмосу аркылуу үйрөнүүгө болот. Өлкөдө кант-кызылчасын өстүрүүнү туруктуу өнүктүрүү үчүн Борбордук Азиядагы Америка университетинин бүтүрүүчү студенттери “Кант-Кызылча” жаңы программасын иштеп чыгышкан.

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги билдиргендей, кант кызылчасын өнүктүрүү боюнча семинарда дыйкандарга аталган программаны уюлдук телефонго көчүрүп алуу, өз алдынча иштөө ыкмалары тажрыйба жүзүндө көргөзүлдү.

Семинардын жыйынтыгында дыйкандар программа боюнча кызыккан суроолорго жеткиликтүү жооп ала алышты.

Эске сала кетсек, семинар Германиялык эл аралык кызматташтык коомунун «Экономикалык туруктуу өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү» долбоорунун көмөгү менен уюштурулган.

Уюлдук колдонмонун “Кант кызылча” программасы менен төмөнкү даректен таанушууга болот:

https://itunes.apple.com/kg/app/%D0%BA%D0%B0%D0%BD%D1%82-%D0%BA%D1%8B%D0%B7%D1%8B%D0%BB%D1%87%D0%B0/id1303830156?mt=8 Android — https://play.google.com/store/apps/details?id=neobis.kaindykant

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...