Акыркы макалалар

Дордойдо чоңдордун капчыгы үчүн текшерүүлөр күчөдүбү?

Дордойдо чоңдордун капчыгы үчүн текшерүүлөр күчөдүбү?

Соңку бир аптада «Дордой» базарында текшерүүлөр кескин күчөдү. Бул кабарды аталган базардын профсоюз уюмунун башчысы Дамира Дөөлөталиева кабарлады. Текшерүү салык кызматы жана финансы полиция тараптан жасалууда.

Жаңы жылдын алдында салыкчылар жана финансы полициясынын кызматкерлери текшерүүнү күчөттү. Мындай абал акыркы бир жумадан бери «Дордой» базарында өзгөчө байкалды. Чек ара эми гана ачылган маалда бул текшерүү ишкерлерди азапка салып жатканын «Марал» радиосуна базардын профсоюз уюмунун башчысы Дамира Дөөлөталиева кабарлады. Күнүгө текшерүүгө келген мамлекеттик кызматкерлер ишкерлердин патентин, уруксат кагаздарын жана башка бир канча документтерин кароого алып жатат. Бул абалды эске алганда коррупция менен күрөштөн жыйынтык жок дейт.

—Финансылык полиция жана салык кызматы тараптан текшерүүлөр күчөдү. Акыркы бир аптадан бери ишкерлердин шайын алып бүттү. Баарыңыздар жакшы билесиздер, канча убакыт чек ара жабык турду. Ошону менен сезон өттү. Бирок мамлекет тараптан убада кылынган жардамдар берилген жок. Баары ошол боюнча эле турат. Ишкерлер банктагы насыя, карыздары менен өзү жалгыз калды. Бирок бул окуядан аталган мамлекеттик органдардын жетекчилеринин кабары жок. Ал жакта ишкерлер бушайман болуп отурат. Ошондуктан коррупция менен күрөш мамлекеттик кызматкерлерге башталбаса, бизнес эч качан бутунан туруп кетпейт.

Коопсуздук кеңештин кезектеги отурумунда болсо, жемкорлук менен күрөш кескин түрдө жүргүзүлүп жатканын Башкы прокурор Индира Жолдубаева белгилеп өттү. Үстүбүздөгү жылы эле жалпы 2 миңдин тегерегинде коррупцияга каршы мыйзамды бузгандар аныкталганын жарыялады. Мындан өлкө казынасына 42млн сом келип түшкөн.

—Мамлекеттик органдарда болуп жаткан негитивдүү көрүнүштөр менен күрөш 2012-жылдан баштап активдүү жүрө баштаган. Дүйнөлүк практикада колдонулган бир катар стратегиялык документтер кабыл алынды. Үстүбүздөгү жылы болсо, коррупцияга каршы күрөшүү мыйзамын бузгандардын саны 2 миңден ашты. Натыйжада мамлекеттик казынага 42 млн сом кайтарылды. Бирок биз сандар менен көп иштер жасалды деп айтпайбыз. Жүргүзүлгөн иштердин жыйынттыгы биринчи элге байкалышы керек.

Ал эми коопсуздук кеңешинин катчылыгы соңку 5 жылда коррупция менен күрөшүүдөн бюджетке 8,5 млрд сом кайтарылганын айтат.

2012-2017-жылдары коррупциялык иштерге байланыштуу укук коргоо органдары 6 миң 311 кылмыш ишин козгогон. Анын 2миң 833 иши сотто каралган. Анын ичинен 7 иш Жогорку Кеңештин депутаттарына, калган 12 иш сотторго, дагы 152 иш укук коргоо органдарынын жетекчилерине карата козголгон.

Коррупция менен аеосуз күрөш жүрө турганын президент Сооронбай Жээнбеков дагы бир канча ирээт белгилеп келет. Бул «Таза коом» улуттук программанын алкагында баардык мамлекеттик мекемелер электрондук негизде иш жүргүзө өтөт. Бүгүнкү күнү буга жалпы бийлик бутактары өтүп, казынадагы акчанын кайдан келип, кайда жумшалып жатканы ачык көрсөтүүгө өтө баштаганын өлкөнүн каржы министри Адылбек Касымалиев айтты.

—Бүгүнкү күнү ар бир министрлик эмне алып жатканын ачык коомчулукка көрсөтүү боюнча иш жүрүп жатат. Бир карандашка чейин көрсөтүлөт. Экинчиси, мамлекеттик баалуу металдар боюнча ЕАЭБдин алкагында дагы иш жүргүзүп жатабыз. Эми алдыда «Таза коом» улуттук программасы менен толук электрондук форматка өтөбүз.

Эскерте кетсек, президент Сооронбай Жээнбеков коррупцияга каршы күрөшүү системасын кайра түзүш керек экенин айтып, жемкорлукка каршы жаңы механизмдерди иштеп чыгуунун зарылдыгын белгилеп келгени бар.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...