Акыркы макалалар

Коңшу өлкөлөрдүн ЮНЕСКОго кирген мурастары

Коңшу өлкөлөрдүн ЮНЕСКОго кирген мурастары

Жыйында жалпы 34 арыз каралып, анын 27си комиссиянын кароосунан өттү

Түштүк Кореянын Чежу аралында адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарын коргоо боюнча өкмөттөр аралык комитеттин 12-сессиясы өтүп жатат. Жыйын 4-декабрда башталып 8не чейин уланат.

Бүгүн эртең менен улуттук көк бөрү оюну ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине Кыргызстандын атынан катталды. Жыйында ар мамлекеттен жиберилген жалпы 34 арыз каралат. Учурда анын 27си комиссиянын кароосунан өттү.

Sputnik Кыргызстан агенттиги коңшу мамлекеттердин кайсы мурастары ЮНЕСКОго катталганына баам салды.

Уюмдун расмий сайтында жарыяланган маалыматка ылайык, Казакстандын "Асык оюны" (чүкө) салттык оюну, Азербайжандын "Долма" деп аталган улуттук тамагы, Армениянын "Кочари" деген улуттук бийи, Түркиянын ышкырык аркылуу сүйлөшүү өнөрү жана Монголиянын ыйык жерлерге сыйынуу боюнча салттык монгол жөрөлгөсү адамзаттын материалдык эмес маданий мурастар тизмесине киргизилген.

Түп нускага шилтеме : sputnik.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...