Акыркы макалалар

8-12-декабрга чейин күтүлгөн аба ырайы

8-12-декабрга чейин күтүлгөн аба ырайы

ӨКМнин басма сөз кызматы жакынкы күндөрдө республика аймагында күтүлүп жаткан аба ырайы тууралуу маалымат таратты. Ага ылайык, эртең, 8-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот.Чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 5-10 м/с.

9-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Чүй, Талас, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз кээ бир райондордо15-20 метрге жетиши күтүлөт.

10-декабрда көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

11-декабрда кээ бир райондордо бир аз кар жаашы күтүлөт.

12-декабрдажаан-чачын күтүлбөйт.Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...