Акыркы макалалар

6-10-декабрга чейин күтүлгөн аба ырайы

6-10-декабрга чейин күтүлгөн аба ырайы

ӨКМнин басма сөз кызматы жакынкы күндөрдө республика аймагында күтүлүп жаткан аба ырайы тууралуу маалымат таратты. Ага ылайык, бүгүн, 6-декабрда айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшүшү күтүлөт.

7-декабрда түнкүсүн айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде бир аз кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

8-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 3-8 м/с.

9-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Чүй, Талас, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

10-декабрда көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

11-12-декабрда айрым жерлерде бир аз кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...