Акыркы макалалар

Өлкөдө 4-декабрда «Манас күнү» белгиленет

Өлкөдө 4-декабрда «Манас күнү» белгиленет

Кыргызстанда 4-декабрда «Манас күнү» белгиленет. Бул тууралуу Маданият, маалымат жаа туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

2013-жылдын 4-декабрында Баку шаарында өкмөттүк комитеттин сегизинчи жыйынында «Манас» эпосу ЮНЕСКОнун адамзаттын материалдык эмес баалуулуктары тизмесине киргизилген. Ал күнү «Манас» үчүлтиги тууралуу бүткүл дүйнө жүзү билгени айтылат.

Ушул окуяга байланыштуу КР өкмөтүнүн №259 токтому менен 4-декабрь «Манас күнү» деп жарыяланган.

«Манас» кыргыз элинин улуу баатырдык эпосу. Ал дүйнө боюнча эң көлөмдүү чыгармалардын бири болуп саналат. Учурда анын 70 варианттагы айтылышы белгилүү. Алардын ичинен Саякбай Каралаевди варианты бир кыйла көлөмдүү деп эсептелет. «Манас» эпосунда кыргыз элинин миңдеген жылдардан берки тарыхы, каада-салты, күнүмдүк жашоосу жана маданияты чагылдырылган. Андыктан эпос дүйнөлүк поэтиканын сейрек экземпляры катары да бааланат.

Эске сала кетсек, Жогорку Кеңеш 2011-жылы 9-июнда «Манас» эпосу тууралуу мыйзам кабыл алган. Ал мыйзамга өлкө президенти ошол эле жылы 28-июнда кол койгон.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...