Акыркы макалалар

Шашылыш билдирүү: кар жаап, жолдор тайгак болот

Шашылыш билдирүү: кар жаап, жолдор тайгак болот

2017-жылдын 2-декабрынан 4-декабрына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолундагы Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы 198-246 чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл. 

3-5-декабрда Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы:

3-декабрда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Туман түшүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 2-7 м/с.

4-5-декабрда мезгил-мезгили менен бир аз кар жаашы күтүлөт. Автожолдор тоңголок жана тайгак болушу күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

3-5-декабрда Ош шаарында күтүлгөн аба ырайы:

3-4-декабрда жана 5-декабрда түнкүсүн мезгил-мезгили бир аз кар жаашы күтүлөт. 5-декабрда күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

Кыргыз Республикасы боюнча күтүлгөн аба-ырайынын болжолу 3-декабрда кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшүшү күтүлөт. Автожолдор тоңголок жана тайгак болушу күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы: түнкүсүн 0C күндүз 0C

Чүй жана Талас областтары Чүй өрөөнүндө -4...-9, 0...-5

Талас өрөөнүндө -7...-12, 0...-5

Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары:

Дыйканчылык аймактарда -2...-7 -1...+4

Баткен областында -2...-7 -1...+4

Ысык-Көл областында -2...-7, -3...+2

Нарын областында -10...-15, -3...+2

4-6-декабрда кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт. Автожолдор тоңголок жана тайгак болушу күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. 7-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт. Автожолдор тоңголок жана тайгак болушу күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...