Акыркы макалалар

Эми белгилүү бренддин бут кийимдери Кыргызстанда тигиле баштайт

Эми белгилүү бренддин бут кийимдери Кыргызстанда тигиле баштайт

Эми “LION» соода маркасынын бут кийимдери Кыргызстанда тигиле баштайт. Бишкек шаарында жакында “Leo” атындагы завод ишке кирет. Даярдалган продукция бир гана Кыргызстанда эмес, Казакстандын рыногуна дагы чыгат. Ал үчүн коңшу өлкөнүн Астана шаарына да жаңы кеңсеси ачылганы турат. Дүкөндүн жетекчиси Аслан Асландын айтымында, бул ишкананы ачуу менен өлкөнүн атын дүйнөгө таанытып, мамлекеттин казынасына төлөнүүчү салыктардын көлөмүн көбөйтүү максатын койгон.

-6 ай мурда Алматыга бардык. Ондой дүкөн карадык. Биринчи дүкөн болгондуктан, престиждүү болсо деп самадык. Казакстандан эң жакшы орун таптык. 1-декабрда ачылышы болот. Ишкерлер намыс менен штеп, салыкты өз убагында төлөсө эч тоскоолдук болбойт. Бишкекте бут кийим тикчү завод курдук. Дүйнөлүк маркага айлантуу оюм бар.

Буга чейин өлкөдө Туркиянын бут кийими деп бааланган продукция жергиликтүү элге да жеткиликтүү болот. Анткени, дал ушундай сапаттагы бут кийимдер Бишкек шаарында тигилет. Анын материалдары өлкөгө сырттан алынып келинет. Экономист Эркин Абдыразаков ата мекендик ишкерлердин мындай кадамдары алгылыктуу иш экенин айтат. Ал эми мамлекет ишкерге реалдуу жеңилдетилген шарттарды түзүп бериши керектигин белгиледи.

-Дал ушундай ишкерлерди мамлекеттик сыйлыктарга көрсөтүп, колдоого алышыбыз керек. Өлкө ичинде даңазалап, алардын иш-тажрыйбасын жайылтуу зарыл. Өз жашоосун жакшы деңгээлге жеткирип алып, мекендештерибизге жумуш берсе эң сонун. Чет өлкөдөн тапкан каражатын ата-энесине салса деле Кыргызстандын экономикасына чоң салым болот.

Буга кошумча, даярдалган продукциянын Казакстанга экспорттоодон өлкөгө пайдасы көп болот. Анткени Кыргызстанда дагы деле экспортко жакшы көңүл бурула элек. Бүгүнкү күнү айыл чарба продукциялары жана текстиль продукциялары гана чыгып жатат. Ошондуктан өкмөт башка тармактарды дагы колго алышы керектигин ЖИА Бизнес Ассоциациясынын Экспорт комитетинин төрагасы Шумкарбек Муктаров билдирди.

-Туризм боюнча жакшы. Бул деле экспорттук тейлөө болуп эсептелет. Өлкөгө пайдасы жакшы. Бирок, Кыргызстанда экспорт маселеси жакшы өнүгө элек. Товарларды сыртка чыгарыш үчүн биринчи шарттардын бири өндүрүш болушу зарыл. Мамлекетте ага жакшы маани берилген эмес. Эми башталып жатат. Негизи экспортту колдоону мындан 25 жыл мурда башташ керек эле.

Кошумчалай кетсек, “LION” аталышы менен таанылган бут кийимдер дүкөнү Кыргызстанда мындан 19 жыл мурда ачылган. Аталган дүкөн бүгүнкү күндө өз кардарларын таап, өлкө боюнча бир канча кеңсе ачууга жетишкен. Эми анын заводунун ачылышы менен жаңы иш орундары ачылат.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...