Акыркы макалалар

Жол эрежесин каттаган мобилдик тиркеме иштелип чыгат

Жол эрежесин каттаган мобилдик тиркеме иштелип чыгат

Кыргыз өкмөтү жол эрежесин каттай турган мобилдик тиркеме чыгаруу мүмкүнчүлүгүн карап жатат. Мобилдик тиркеме аркылуу жол эрежеси бузулгандыгы тууралуу маалыматты күбөлөр Ички иштер министрлигинин командалык борборуна жиберет.

Мындай маалыматты өкмөт башчы Сапар Исаков, парламент жыйынында билдирди.

Анын айтуусунда, мобилдик кызмат Бишкектеги видео-байкоолордун функциясын аткарат. Күбө жиберген маалымат автоматтык түрдө эсептелип, эреже бузган айдоочуга айып жазылат.

Эгер каражат жетиштүү болсо, мобилдик тиркеме аркылуу жол эрежесин бузулганы тууралуу маалымат жиберген активдүү жарандарды сыйлоо да каралат.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...