Акыркы макалалар

Жалал-Абад шаарында жарылуудан 7 киши жабыркады

Жалал-Абад шаарында жарылуудан 7 киши жабыркады

Жалал-Абад шаарындагы жарылуудан жети киши жабыркады. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Абдишарип Бекиловдун айтымында, жабыркагандардын бешөө кыздар, экөө эркек. Аларды тез жардам менен ооруканага алып кетишти. Кырсык тууралуу маалымат куткаруучуларга бүгүн эртең мененки саат 10до келип түшкөн. Ушу тапта өрт толугу бойдон өчүрүлдү.

Учурда жарылуудан улам 7 адам облустук ооруканага жеткирилген. Алардын экөөсү реанимацияда. Бул тууралуу саламаттыкты сактоонун облустагы координатору Маматжан Миянов билдирди. . Анын айтымында, жабыркагандардын абалы жакшы, ал эми реанимацияга түшкөндөр учурда жардамдарды алууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, гамбургер сатылган күркөдө газ баллон жарылган.

Бул материалды кененирээк аудио форматында http://www.maralfm.kg сайтынан уга аласыздар

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...