Акыркы макалалар

Ысык - Көлдө 185 объект жабылды


Ысык - Көлдө 185 объект жабылды

Күз айларынын келиши менен кафе-ресторандарга кезекке туруп, той өткөргөндөрдүн саны арбыйт. Бирок, акыркы айларда коомдук тамактануучу жайлардын басымдуу бөлүгүнүн санитардык тазалыгы талапка жооп бербегендиктен массалык уулануулар көбөйгөн. Ушундан улам, өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев республика боюнча коомдук тамактануучу жайларды текшерүү тапшырмасын берген. Буга байланыштуу 23-сентябрдан баштап Ысык – Көл облусундагы тамак-аш жасап сатуучу жайлар текшерилүүдө.

Текшерүүнүн биринчи күнүнөн баштап бүгүнкү күнгө чейин Ысык-Көл облусунда 368 объект текшерилген. Алардын 187си коомдук тамактануучу жай, ал эми 181и тамак-аш сатыла турган жер.

Каракол шаардык санитардык-көзөмөл кызматынын жооптуу кызматкери Рая Хафизованын билдирүүсүндө, облуста текшерүү башталгандан бери 232 адамга жалпы 181 700 сомдук айып пул салынды. Бүгүнкү күнгө чейин текшерилген объектилердин 185и жабылды. Мединициналык кароодон өтпөгөндүктөн 187 адам жумуштан четтетилип, лабораториядан текшерүү үчүн 320 проба алынган.

“Текшерүү учурунда коомдук тамактануучу жайларда да, тамак–аш сатылган жерлерде да санитардык абал талапка жооп бербейт. Коомдук тамактануучу жайларда иштеген кызматкерлердин көбү медициналык кароодон өткөн эмес, идиш жууй турган жайлары талапка жооп бербейт, иштегендер атайын кийим-кечек кийишпейт. Тамак – аш сатыла турган жерлерде мөөнөтү өтүп кеткен азык – түлүктөр аныкталды”,-дейт Р.Хафизова.

Мындай текшерүүлөр Ысык – Көлдө 15-октябрга чейин уланат. Өткөн жумада ушундай эле текшерүүлөр Ош жана Баткен облустарында болуп, анын негизинде Баткенде 7 ашкана жабылып, бир канчасына айып пул салынган.

Бул материалды кененирээк аудио форматында http://www.maralfm.kg сайтынан уга аласыздар

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...