Акыркы макалалар

Радлов жазып алган “Манас” эпосу Германияда басылып чыкты


Радлов жазып алган “Манас” эпосу Германияда басылып чыкты

“Манас” эпосунун түрколог Вильгельм Радлов жазып алган немис тилиндеги бөлүгү Германиянын Берлин шаарында кайрадан басылып чыкты. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги “Азаттык” радиосуна билдирди.

Китептин экинчи басылышы Германиядагы Кыргызстандын элчилигинин демилгеси жана колдоосу менен ишке ашкан. ТИМдин билдирүүсүндө бул эмгектин чыгышына Кыргызстандын Германиянын Бремен шаарындагы ардактуу консулу доктор Эберхард Хаастын салымы көп болгону айтылат.

Китептин ачылышы Германиянын борбор шаарында 21-ноябрь күнү кыргыз элчилигинин имаратында өткөн. Мааракеге Кыргызстандын Германиядагы элчиси Эрнес Оторбаев, Германиянын Тышкы иштер министрлигинин Чыгыш Европа, Кавказ жана Борбордук Азия боюнча Атайын өкүлү Андреас Пешке, ошондой эле кыргыз диаспорасынын жана башка коомчулукт өкүлдөрү катышкан.

Белгилүү немис жана орусиялык илимпоз, лингвист жана түрколог Вильгельм Радлов «Манас» эпосун немис тилинде 1885-жылы Санкт-Петербург шаарында жарыялаган. Эпос анын “Түрк урууларынын элдик чыгармачылыгындагы үлгүлөр” деп аталган китебине кирген.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...