Акыркы макалалар

Жалал-Абадда 132 мектеп интернет булагына туташтырылды

Жалал-Абадда 132 мектеп интернет булагына туташтырылды

Жалал-Абад облусундагы 132 мектеп интернет булагына туташтырылган. Аны төлөө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан каржыланат. Бул тууралуу Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн социалдык мониторинг жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Гүлзат Аширова билдирди. Анын айтымында, мектептерди жаңы үлгүдөгү компьютерлер менен камсыздоо 48 %ды түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 3 пайызга өскөн. Ал эми эски үлгүдөгү компьютерлер 19 %ды түзөт.

Ошол эле учурда, Жалал-Абад шаарынын билим берүү мекемелеринин 2013-2014-жаңы окуу жылына жана күз, кыш мезгилдерине карата даярдыктары жөнүндө коллегия болуп, анда бир катар мектептердин суу түтүкчөлөрү иштебей тургандыгы айтылган. Гүлзат Ашированын айтымында, бул маселе боюнча тиешелүү чаралар көрүлүп, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тапшырма берилген.

Ал эми Ош шаарынын мэриясы тарабынан шаардагы 53 мектептин ичинен 30 мектепке бештен компьютер тапшырылды. Мындай маалыматты "Марал" радиосуна Ош шаардык мэриясынын маалымат катчысы Бегимай Бекболотова билдирди.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин инфраструктура жана мамлекеттик сатып алуу секторунун жетекчиси Бакыт Кадыркуловдун айтымында, бул жылдын эсебинен 386 компьютер жана 64 көп функционалдуу компьютерлери жалпы республика боюнча 75 мектепке тапшырылган. Ошондой эле, интернетке туташтырылган мектептер өткөн жылы 5,2 % түзсө, бул жылы 20,2 % түзөт. Жалпысынан 428 мектеп интернет булагына туташтырылганын да кошумчалады.

Эскерте кетсек, мыйзам боюнча мектептерди компьютер жана тиешелүү эмеректер менен камсыз кылуу жергиликтүү бийлик органдарына тапшырылат. Бирок, кээде каражаттын жетишсиздигинен улам Билим берүү жана илим министрлиги керектүү акча каражаттарын бөлүп берет.

Бул материалды кененирээк аудио форматында http://www.maralfm.kg сайтынан уга аласыздар

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...