Акыркы макалалар

Японияда кыргыз маданият күндөрү өтүп жатат


Япониянын борбору болгон Токио шаарында 19-ноябрдан кыргыз маданият күндөрү өтүп жатат. Бул тууралуу “Жибек жолунун Ак Конуш” долбоорунун жетекчиси жана иш-чаранын уюштуруучусу Гүлжан Иреш өзүнүн фейсбук барачасында маалымдады.

Анын айтымына караганда, аталган иш-чаранын алкагында КР менен Япониянын дипломатиялык алакаларынын орношунун 25-жылдыгына карата “Кыргыз көчмөн дүйнөсү” аталыштагы концерт коюлду.

Япондор кыргыздын улуттук музыкасы менен таанышып, көргөзмөдө кыргыз элинин турмуш-тиричилиги менен жакындан таанышууга мүмкүндүк алды.

Андан сырткары, аталган концертке Бангладеш, Белорусия, Катар жана бир катар башка өлкөлөрдүн элчилире да келишкен.

Япониядагы кыргыз маданийт күндөрү 25-ноябрга чейин уланат.

Эске сала кетсек, Кыргызстандагы да япониянын маданият күндөрү өтүп жатат.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...