Акыркы макалалар

Өкмөт 3 ай ичинде көмүрдүн баасын жөнгө салып турат


Өкмөт 3 ай ичинде көмүрдүн баасын жөнгө салып турат

Өкмөт көмүр баасына мамлекеттик жөнгө салуу киргизет. Өлкө аймагында сатылуучү көмүр баасын мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жөнүндө токтомго премьер министр Сапар Исаков кол койду.

Маалымат боюнча, атайын токтомдун негизинде 90 күн ичинде көмүрдүн баалары көзөмөлгө алынып турат.

Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигине социалдык маанидеги товарлардын баасына карата чара көрүү да тапшырылды.

Көмүрдүн баасын жөнгө салып туруу менен жылуулук берүү мезгилинде калкты жеткиликтүү баадагы отун менен камсыздоого мүмкүн болот. Ошондой эле ортомчулардын да саны кыскарат.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...