Акыркы макалалар

ДСУ: Кыргыз-казак чек арасындагы маселе өзүнчө пункт менен каралды


ДСУ: Кыргыз-казак чек арасындагы маселе өзүнчө пункт менен каралды

10-ноябрда Бишкек сааты менен 20.00до Кыргызстандан барган делегация Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун отурумуна катышты.

Ушул жылдын 17-октябрында кыргыз өкмөтү кыргыз-казак чек арасындагы кырдаал боюнча маселени кароо үчүн аталган уюмга кайрылган. Дүйнөлүк соода уюмунун отурумунда бул маселе өзүнчө пункт менен каралды.

Экономика министринин орун басары Алмаз Сазбаков баштаган делегация эки өлкөнүн өткөрмө пункттарындагы кырдаал тууралуу маалымат беришип, Казакстан тарап жасалма тоскоолдук жаратып жатышканын айтышкан.

Ошондой эле, Казакстан ДСУнун эркин транзит жүргүзүү эрежесин бузуп жатканын бегилешти. Аргумент катары так сандарды мисал келтирип, чек арада кармалып турган жүк ташуучу унаалардын санын айтышкан. Муну менен катар, экономикалык жоготуу 200 миллион долларды түзгөнүн белгилешти. Бул Кыргызстандын экономикасынын 0,3 пайызга кыскарткан.

Мындай билдирүүлөргө Казакстан тарап, дагы деле маселени аткезчилик менен байланыштырышкан.

Отурумдун катышуучулары Корея, Япония жана Молдованын делегациясы бул маселени эки тараптуу кеңешүү менен тез арада жөнгө салынышын белгилешти.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...