Акыркы макалалар

Жол куруудагы кепилдик мөөнөтүн 5 жылга чейин узартуу демилгеленүүдө


Жол куруудагы кепилдик мөөнөтүн 5 жылга чейин узартуу демилгеленүүдө

Жогорку Кеӊеште автомобиль жолдорун курууда подрядчиктердин жоопкерчилигин күчөтүү, жолдордун сапатын жогорулатуу жана жолдорду өз учурунда тейлөө боюнча кепилдиктерди камсыз кылуу максатында даярдалган мыйзам долбоору каралды.

Демилгечилердин бири депутат Марат Аманкулов жолдун азыркыдай 2-3 жылдык кепилдик мөөнөтү өтө кыска экенин эске салып, автомобиль жолдорун курууда подрядчиктердин жоопкерчилигин күчөтүү максатында, сунушталган мыйзам долбоору аркылуу ал 5 жылга чейин узартыла турганын белгиледи.

“Орусия, Кытай, Финляндия сындуу кепилдик мөөнөтүн 25-30 жылга чейин койгон өлкөлөр бар. Жол куруучу компания жолдун сапатына жакшы көӊүл буруп, ал ушул мөөнөт аралыгында бузула баштаса, өзүнүн эсебинен оӊдоого тийиш”, — дейт эл өкүлү.

Ал эми Транспорт жана жол министринин орун басары Азимкан Жусубалиев жолдун кепилдик мөөнөтүн узартууга каршы пикирин билдирди. Анын айтымында, өлкөнүн экономикалык мүмкүнчүлүктөрү да эске алынууга тийиш, эгерде кепилдик мөөнөтү узартылса, жолдун курулушу 10 пайызга чейин кымбаттап, инвесторлордун саны азайып кетиши мүмкүн.

Белгилей кетсек, жол тармагы Кыргызстандагы жүк ташуулардын 96 пайызын жана жүргүнчүлөрдү ташуулардын 98 пайызын камсыз кылат. Кыргызстандагы жол тармагынын жалпы узундугу 34 миң км. жакын.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...