Акыркы макалалар

Ишенимден чыккан курулуш компанияларынын тизмесин түзүү сунушталды


Ишенимден чыккан курулуш компанияларынын тизмесин түзүү сунушталды

Турак жай куруу жаатында иштеген компаниялардын жоопкерчилигин жогорулатып, ишенимден чыккан курулуш компанияларынын тизмесин түзүү зарыл. Мындай сунушту парламентте депутат Марат Аманкулов айтып чыкты.

Анын пикиринде, мындай чара өтө маанилүү. Анткени, көп компаниялар турак жай толук бүткөрүлө электе эле сатып жатышат. Жарандардын акчасын алып алып, турак жай курулушун өтө создуктурган фирмалар дагы жок эмес.

«Көп адамдар турак жай ипотекасы үчүн насыяларды алууга аргасыз. Ишенимден чыккан компаниялардын айынан оорчулук турак жай ээлерине түшүп, алар батирлерине кирген күндө да кошумча оӊдоолорду жүргүзүүдө. Кандай болгон күндө да, турак жай курулушу мамлекеттин көз жаздымынан тышкары калбоого тийиш. Эртеби-кечпи баары бир бул маселени чечүүгө туура келет»,-деди депутат.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...